Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Түрк тилдүү өлкөлөр фейк жаңылыктарга каршы биргелешкен ыкма издөөдө

  • Борбор Азия
  • 08.12.2025 10:22

Loading

Түрк тилдүү мамлекеттер глобалдык технологиялык платформалар улуттук жөнгө салууну айланып өткөн шартта фейк жаңылыктарга каршы координацияланган мамилени иштеп чыгуунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатышат. Бүгүн жалган маалымат жана дезинформация — Чыгышты да, Батышты да бирдей түрдө жабыркаткан дүйнөлүк көйгөйгө айланды.

Бул тууралуу Euronews телеканалынын сайтында жарыяланган материалда айтылат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат саясат департаментинин башкы адиси Зарина Калмуратова, мамлекеттер эл аралык санариптик платформаларда маалыматтын өтө кеңири таралышынын алдында коргоосуз абалда калып жатканын айтты.

Тема боюнча

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

19.11.2026

«YouTube, Instagram сыяктуу көптөгөн платформалар бар — бул жерлерде жарандар жалган маалыматты да жайылта берет, ал эми мамлекет буга эч нерсе кыла албайт», — деди ал Euronews басылмасына берген маегинде.

Анын бул билдирүүсү өкмөттөрдүн башкы чакырыгын чагылдырат: контентти таратуу бир өлкөнүн юрисдикциясына кирбеген глобалдык платформалар аркылуу жүргөндө, улуттук мыйзамдардын аткарылышын кантип камсыз кылуу керек? Кыргызстанда бул чектөөлөр өзгөчө күчтүү сезилүүдө.

2022-жылы фейк жаңылыктар жөнүндөгү мыйзам кабыл алынгандан кийин, сынчылар документ сөз эркиндигине басым жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн деп эскертишкен. Бирок эки жылдан кийин Бакуда өткөн медиа конференцияда сүйлөп жатып, Калмуратова бул тынчсыздануулар иш жүзүндө тастыкталбаганын айтты.

«Ооба, бул чектөө катары кабыл алынган. Буга сайттарды жабууга же бөгөт коюуга курал катары карашкан. Бирок чынында андай болгон жок», — деп белгиледи ал.

Мыйзамга ылайык, өзү жөнүндө чыгарылган жалган маалыматтан жабыркадым деп эсептеген жаран бийликке кайрылса болот. Мамлекеттик органдар маалымат жайгашкан ресурска 24 сааттын ичинде материалды өчүрүү тууралуу талап жөнөтөт. Талап аткарылбаса, сайт эки айга чейин бөгөттөлүшү мүмкүн. Калмуратова бул чараны ашыкча эмес, тең салмактуу деп эсептейт.

Глобалдык платформаларга басым

Бирок мындай механизмдер эл аралык платформаларга келгенде жетишсиз болуп калат. Калмуратованын пикиринде, чечим Meta, Google сыяктуу технологиялык корпорацияларга басым кылып, аларды түрк тилдүү өлкөлөрдө расмий өкүлчүлүк ачуусуна милдеттендирүүдөн турушу мүмкүн.

«Бул дезинформацияга каршы күрөштө абдан чоң кадам болмок», — деди ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн медиа өкүлдөрү катышкан конференцияда.

ТМУга Түркия, Азербайжан, Казахстан, Кыргызстан жана Өзбекстан кирет, ал эми Венгрия, Түркмөнстан жана башка өлкөлөр байкоочу статусуна ээ. Уюм түштүк-чыгыш Европадан тартып Кавказ жана Борбор Азияга чейинки чоң регионду бириктирет.

Чектөөдөн да маанилүү факторлор бар

Казакстандын Маданият жана маалымат министринин орун басары Канат Искаков фейк жаңылыктарга каршы күрөштө чектөөлөр гана эмес, анын үстүнө жергиликтүү медиага болгон ишенимди бекемдөө да маанилүү экенин белгиледи.

«Аудиториянын ишенимин бекемдөө үчүн санарип сервисинин журналисттик стандарттарына бирдиктүү мамиле иштеп чыгышыбыз керек», — деди К. Искаков.

Анын стандарттарды гармонизациялоо жана биргелешкен контент өндүрүү боюнча сунушу өлкөлөр мыйзамдык рычагдар эле жетишсиз экенин түшүнүп жатканын көрсөтөт: дезинформацияны жеңүү үчүн сапаттуу, ачык жана ишенимдүү улуттук медиа зарыл.

Башкы максат — калк ишене турган ички медиа чөйрөсүн өнүктүрүү. Бул коопсуз эмес булактардын таасирин азайтууга жардам берет.

Регионалдык эксперимент

Бакудогу жолугушуулар — Медиа жана маалымат боюнча жумушчу топтун он экинчи отуруму жана министрлердин жетиин конференциясы — ар кандай саясий системаларга ээ өлкөлөрдүн ортосунда бирдиктүү медиасаясат түзүүгө ТМУнун кезектеги аракети болуп калды.

Демилге бир катар татаал суроолорду көтөрөт:

• жарандарды фейктерден коргоо менен бирге мыйзамдуу сын айтууга мүмкүнчүлүктү кантип чектебөө керек?

• мамлекеттер глобалдык платформаларга кандай таасир көрсөтө алат?

• аймактык формат өз алдынча аракет кылганда жетишпей жаткан натыйжаларды бере алабы?

Кийинки медиафорум Түркияда өтөт. Анын катышуучулары глобалдык платформаларда стандарттардын аткарылышын камсыз кылуунун жолдорун жана эл аралык санариптик медиа системаларга көз карандылыктын өсүшү фонунда коомдук ишенимди кантип чыңдоону талкуулоону улантышат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Борбор АзияТМУФейк
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы тыгындар: тараптар кандай себептерди аташууда?

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы тыгындар: тараптар кандай себептерди аташууда?

23.11.2026
Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

19.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

17.11.2026
Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026
Египет Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдатууда: туристтер эмнелерди билиши керек?

Египет Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдатууда: туристтер эмнелерди билиши керек?

24.10.2026
Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

16.10.2026
Борбор Азия жана Ак үйдүн табышмагы: АКШнын аракеттерине болгон ишенимди кайра карап чыгуу зарылдыгы 

Борбор Азия жана Ак үйдүн табышмагы: АКШнын аракеттерине болгон ишенимди кайра карап чыгуу зарылдыгы 

13.10.2026
Эксперт: Иран деңиз блокадасынын шартында КМШ өлкөлөрү менен сооданы кеңейтүүгө кызыкдар

Эксперт: Иран деңиз блокадасынын шартында КМШ өлкөлөрү менен сооданы кеңейтүүгө кызыкдар

09.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.