27-сентябрдан 28-сентябрга түнү, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы Курувчилар массивиндеги бажы кампада катуу жарылуу болуп, өрт чыкты.
“Анын кесепетинен көп кабаттуу үйлөрдүн айнектери сынып, адамдар жабыркаган”,-деп жазат жергиликтүү ЖМКлар.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аталган министрликке 28-сентябрь түнү жергиликтүү саат боюнча 2:43тө Ташкент шаарынын Сергели районунун Курувчилар массивиндеги кампалардын биринде жарылуу болуп, өрт чыкты деген маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 16 бөлүм иштеген.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги окуянын кесепетинен жабыркагандар бар экенин, алар Республикалык тез жардам көрсөтүү илимий борборуна жана аталган борбордун Ташкент облусундагы филиалына жаткырылгандыгын кабарлады. Бирок, министрлик оор жараат алгандар жок экенин белгиледи.
Азырынча жабыркагандардын так саны белгилүү боло элек.
Өзбекстандын ӨКМи социалдык тармактардагы «жарылуу авиакырсыктан улам болду» деген маалымат жалган экенин билдирди.
Акыркы маалыматтарга ылайык, өрт саат 5:02де чектөөгө алынып, толук өчүрүү аракеттери улантылууда. Ал эми жабыркагандар жана келтирилген зыян такталууда.