Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайдагы парадга катышуу үчүн бара жаткан атайын поезди Пекинде байкалганы тууралуу “Reuters” жана “AFP” агенттиктери күбөлөргө таянып жазышты. Ал эми “Ренхап” агенттигинин маалыматына караганда, поезд Пекин темир жол бекетине жетти.
“Зайтун-жашыл түстөгү, алтын тилке менен кооздолгон түндүк кореялык поезд шейшемби күнү Ким Чен Ынды Кытайга алып келди. Ал бул жерде өтө турган ири аскердик парадга катышат. Парадга ошондой эле Кытай төрагасы Си Цзиньпин жана Россия президенти Владимир Путин катышмакчы”, – деп жазат AFP агенттиги.
2-сентябрга караган түнү «”Кореянын үнү” радиостанциясы Ким Чен Ындын поезди Кытай чек арасын кесип өткөнүн кабарлаган. Ким Чен Ын Пекинде Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барды. Бул анын катышуусундагы алгачкы көп тараптуу дипломатиялык иш-чара болот.
1-сентябрь күнү Түштүк Кореянын “Ренхап” агенттиги Ким Чен Ын расмий сапар менен Пхеньяндан Пекинге атайын поезд менен жөнөп кеткенин кабарлаган. Анын божомолу боюнча, Пекинге баруу 20 сааттан 24 саатка чейин созулат. Бул анын чет өлкөгө 11-сапары болмокчу.
Белгиленгендей, Түндүк Кореянын лидерин сапарында Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин жана КЭДР өкмөтүнүн жетектөөчү кызматкерлери коштоп жүрүшөт.
Түштүк Кореянын “The Korea Herald” гезити маалымдагандай, Ким Чен Ын 2018-жылы жана 2019-жылы Кытайга барганда жана 2019-жылы Ханойго АКШ президенти менен саммитке барганда поездди колдонгон. Поездди мурунку лидерлери чоң атасы Ким Ир Сен жана атасы Ким Чен Ир да колдонгон.
алар өлкө боюнча иш сапарында жүрүп поездде каза болгон.Кытай жеңиштин 80 жылдыгын салтанаттуу белгилөөгө даярданып жатат. 3-сентябрда Пекинде масштабдуу парад өтүп, анда Кытай өлкөнүн армиясында кызмат өтөп жаткан улуттук өндүрүштөгү аскердик техникасын көрсөтөт. Салтанатка бир катар өлкөлөрдүн лидерлери катышат.



















