Газа тилкесинде ок атышпоо келишими түзүлгөндөн кийин Улуу Британия Палестина мамлекетин таанышы мүмкүн.
Бул тууралуу 25-июлда Британиянын премьер-министри Кир Стармер X соцтармактагы баракчасында жарыялаган видео кайрылуусунда билдирди.
“Эң жакын союздаштарыбыз менен бирге согуштун натыйжасында жапа чеккендердин жашоосун өзгөртө турган практикалык чечимдерге басым жасап, аймактагы тынчтык үчүн стратегиянын үстүндө иштеп жатам. Бул стратегия абдан зарыл болгон ок атышпоо келишимин туруктуу тынчтыкка айландыруу үчүн зарыл болгон конкреттүү кадамдарды камтыйт. Палестина мамлекетин таануу бул кадамдардын бири болушу керек. Бул маселе боюнча менин позициям ачык-айкын”, – деди ал.
Ошол эле учурда Стармер Палестинаны таануу эки мамлекеттин жанаша жашоо принцибине жана “палестиналыктардын жана израилдиктердин туруктуу коопсуздугуна” негизделген палестиналык-израилдик жаңжалды чечүүгө алып келе турган “кеңири пландын бир бөлүгү болушу керек” деп кошумчалады.
Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Париж сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында Палестина мамлекетин расмий түрдө тааный турганын билдирген.
Учурда Палестинаны БУУнун 193 өлкөсүнүн 147си мамлекет катары тааныган. Эң акыркы тааныган мамлекеттер, бир жылдан ашык убакыт мурун, Ирландия, Испания жана Норвегия болгон. Палестина мамлекетин тааныбагандардын арасында АКШ, Улуу Британия, Германия жана Израил бар.

















