Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Американын жогорку даражадагы жетекчилери да катышышы мүмкүн.
Ага чейин эки өлкөнүн делегацияларынын курамы белгилүү болду.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Орусия Федерациясынын делегациясынын курамын бекитип, жарлыкка кол койду.
Бул маалымат Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.
Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча орус делегациясынын курамына жалпы 8 кишини бекитип, аны Владимир Мединский жетектей турган болду.
Алар:
В.Р. Мединский. – Орусия Федерациясынын Президентинин жардамчысы (делегациянын башчысы);
М.Ю.Галузин – Орусия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары (делегациянын мүчөсү);
И.О. Костюков – Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы башкармалыгынын начальниги (делегациянын мүчөсү);
А.В. Фомин – Орусия Федерациясынын Коргоо министринин орун басары (делегациянын мүчөсү);
Ошондой эле бул курамга эксперттердин тобу да кирген.
А.С.Зорин – Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары; Е.С. Подобревская- Орусия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын башчысынын гуманитардык чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча орун басары;
А.А. Полищук- Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи департаментинин директору;
В.И. Шевцов – Орусиянын Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2022-жылы Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө да Мединский орус делегациясын жетектеп, Фомин да делегациянын курамында болгон. Буга чейин Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө катыша турган делегациянын курамын тактаган эмес.
“Биз муну президенттен тиешелүү тапшырма алгандан кийин жасайбыз. Азырынча андай көрсөткүчтөр болгон жок. Мен президенттин 11-майдагы билдирүүсүндө айткандардын баары актуалдуу бойдон кала берээрин гана тастыктай алам”, – деген Песков.
Ал эми Украинанын президенти Зеленский Анкарага учуп кеткен. Ал түз сүйлөшүүлөргө кайтууну сунуштаган Путинди “жеке” күтөөрүн айтты.
NV радиосунун билдирүүсүнө караганда сүйлөшүүлөргө Украина тараптан Зеленский өзү башында турган делегациянын курамында президенттик аппараттын жетекчиси Ермак, ошондой эле Тышкы иштер жана Коргоо министрлигинин жетекчилери Сыбиха жана Умеров катышат. Мындан тышкары, жолугушууда Зеленскийдин дипломатиялык кеңешчиси Игорь Жовква болору айтылды.
Мындан тышкары АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана президенттин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф баш болгон америкалык расмий өкүлдөр да катышышы күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп дагы бул сүйлөшүүлөргө баруу ниетин билдирген. Ал бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттарына болгон сапарынын алкагында журналисттер менен болгон маегинде айткан.




















