2-июнда Түркия-Орусия-Украина форматындагы үч тараптуу жолугушуу Стамбулда, жергиликтүү убакыт менен 13:00дө Чыраган сарайында башталды.
Маалыматты Anadolu агенттиги жазды.
Сүйлөшүүлөргө Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан төрагалык кылууда.
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдына ала берген маалыматына караганда, сүйлөшүүгө Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Ибрахим Калын да катышууда.
Делегациялар ок атышууну токтотууну жана жалпысынан жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулоону пландап жатышат.
Орус делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский, ал эми Украин тарапты коргоо министри Рустем Умеров жетектешүүдө.
Алдын ала белгилүү болгондой, жыйын жабык форматта өтөт.
Белгиленгендей, орус делегациясы украин делегациясына меморандумду тапшырууга жана ал боюнча “зарыл түшүндүрмөлөрдү” берүүгө даяр.
Украин тарап ок атышууну токтотууну талап кылып, лидерлер деңгээлиндеги жолугушуу маселесин күн тартибине кирээри күтүлүп жатат.
Эскерте кетсек, Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 16-майда Стамбулдагы Долмабахче резиденциясында өткөн.
Биринчи жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «1000ге 1000» формуласы боюнча кеңири масштабдагы туткундарды алмашууну, мүмкүн болгон ок атышууну токтотуу боюнча өз көз караштарын кеңири баяндап, андан соң сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышкан.
Киев менен Москва Стамбулдагы эки тараптуу келишимге ылайык, туткундарды алмашуу 25-майда аяктаган.
Алмашууларда орусиялык 270 аскер кызматкери жана 120 жай тургун туткундуктан бошотулса, Киевге 270 аскер кызматкерин жана 120 жаран өткөрүлүп берилген.
Тынчтыкка жетишүү үчүн дипломатиялык аракеттердин алкагында тышкы иштер министри Хакан Фидан өткөн жумада Москва жана Киевде болуп, Орусия жана Украинанын лидерлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушкан.
Бир бир күн мурун Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн жолкудай эле коргоо министри Рустем Умеров жетектеген делегациянын курамын бекитти. Делегациянын курамы 16-майдагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундундагыдай дээрлик ошол бойдон калды. Бирок бул жолу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Борбордук юридикалык башкармалыгынын эл аралык жана оперативдик укук бөлүмүнүн башчысы Алексей Маловацкий курамга киргизилген жок.

















