Жорж Соростун “Ачык коом” фонду Кыргызстанда эл аралык булактардан каржылануучу жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча кабыл алынган мыйзамдан кийин бул өлкөдөгү өкүлчүлүгүн жаап жатканын билдирди.
Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий сайтына 15-апрелде жарыяланды.
Анда аталган мыйзам “чектөөчү жана так эмес эрежелерди” киргизип жатканы белгиленди.
“Сорос-Кыргызстан” (“Ачык коом” фонду) фонду 1993-жылы ачылып, 115 миллион долларга билим берүү, саламаттык сактоо, санарип технологиялар, сот адилеттигин жана юридикалык жардамды реформалоо тармактарында бир топ долбоорлорду жарандык коом жана өкмөт менен биргеликте ишке ашырган. “Тилекке каршы, жаңы мыйзам боюнча эми өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жасалып жаткан аракеттер “чет элдик өкүлдүн” иши деп атала баштайт”, – деп белгиледи уюм.
Белгилегендей, «Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргызстандын жарандары башкарган жергиликтүү коммерциялык эмес уюм, бирок ал чет өлкөдөн каржылангандыктан, жаңы мыйзамдык чектөөлөргө дуушар болот. Мындан тышкары, “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнүн ашкере чаржайыт аныктамасы фонд үчүн да, анын өнөктөштөрү үчүн да терс кесепеттерге же күтүлбөгөн тобокелдиктерге алып келет.
Эске салсак, “Чет элдик өкүл жөнүндөгү” мыйзам долбоору былтыр 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алынган. 23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон.
20-февралда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анда кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алып салынган.
22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынып, 64 депутат “макул”, беш депутат “каршы” добуш беришкен.
14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Садыр Жапаровго кат жиберип, бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кирип жатканына тынчсыздануусун билдирген. Садыр Жапаров ага берген жообунда Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.
Мыйзамга президент Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон.
Мыйзам коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк булактардан – чет өлкөлүк мамлекеттерден каржылануучу, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо алар ыйгарым укук берген жактардан акча каражаттарын жана көрсөтүлгөн булактардан (мамлекеттин катышуусу бар ачык акционердик коомдорду жана алардын туунду коомдорун кошпогондо) башка мүлктөрдү алуучу уюмдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган.




















