Кытай АКШ менен болгон соодадан азыраак көз каранды болуп баратат, бул Кытайдын экспортуна кошумча 10 пайыздык тарифтердин соккусун жумшартат.
Бул тууралуу америкалык “Эл аралык мамилелер кеңеши” (Council on Foreign Relations) аналитикалык борбору билдирди.
Маалыматка караганда, Кытай башка өнөктөштөрү менен соодасын көбөйттү, 2024-жылы АКШ 688 миллиард доллар менен үчүнчү орунга түшүп, 982 миллиард доллар менен АСЕАНдан жана 786 миллиард доллар менен ЕБден артта калды.

Өлкөнүн АКШга экспорту анын жалпы экспортунун 15% гана түзөт.
CGTN телеканалы маалымдагандай, Кытай ошондой эле акырындык менен өзүнүн экономикасы үчүн тышкы сооданын маанисин төмөндөтүүдө, анткени өлкө ички суроо-талапты кеңейтүүдө. Керектөө өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги фактору болуп саналат. Акыркы керектөө чыгашалары 2024-жылы өлкөнүн жалпы ИДПсынын өсүшүнө 44,5% жана 2023-жылы 82,5% салым кошкон.
Трамптын соода согушу
2025-жылдын 4-февралында АКШ Мексика менен Канададан импорттолуучу товарларга 25 пайыздык, ошондой эле Кытайдан келген товарларга 10 пайыздык пошлина киргизген. Тиешелүү жарлыкка АКШ президенти Дональд Трамп 1-февралда кол койгон. Анын айтымында, бул чаралардын максаты Канада жана Мексика менен чек ара аркылуу миграцияны жана баңги аткезчилигин токтотуу, ошондой эле АКШнын соода тартыштыгын азайтуу. Эгерде бул өлкөлөрдүн бийликтери жооп кайтаруу чараларына барса, тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн.
Буга жооп катары Канада менен Мексика америкалык товарларга ушундай эле тарифтерди даярдап жатканын айтышса, Кытай “өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон каршы чараларды көрөрүн” билдирди.
Кытай Трамптын тарифтерине Американын энергетикалык булактарына пошлина киргизүү менен жооп берди. Пекин өлкөгө ташылып жаткан америкалык суюлтулган жаратылыш газы, мунай жана көмүргө 10-15 пайыздык алымдарды киргизди.
ТАСС агенттиги маалымдагандай, АКШ-Кытай соода карама-каршылыктарынын курчушу 2018-2019-жылдары Дональд Трамп Кытайды өз товарларынын экспорттук баасын төмөндөтүү жана АКШдан импорттоого тоскоолдук кылуу үчүн субсидияларды колдонуп жатат, ошондой эле америкалык компаниялардын интеллектуалдык менчик укуктарын бузуп жатат деп айыптаганда башталган. Трамп ошол кезде АКШнын негизги экономикалык өнөктөшү болгон өлкөгө карата соода саясатын катаалдаштырууну, аны менен болгон соодадагы тең салмактуулукту теңдөөнү убадалаган. АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалыматы боюнча, 2017-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 635 миллиард долларды түзсө, АКШнын дисбалансы 375 миллиард долларды түзгөн.
2018-жылдын мартында Дональд Трамп бир катар кытай товарларына алымдарды киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон, андан кийин кошумча тарифтер (номенклатурага жараша 10%дан 25%га чейин) колдонулуп, 2019-жылдын жай айларында алар болжол менен 250 миллиард долларлык товарларга жайылган. Тактап айтканда, чектөөгө болот, алюминий, автомобиль жана мотоцикл, электроника, химия продуктылары, мебель, кийим-кече, тамак-аш продуктылары кабылган.
2019-жылдын 1-августунда Дональд Трамп 300 миллиард долларлык кытай товарларына кошумча 10% алымдарды киргизүү ниетин билдирген.
Кытай бийлиги америкалык товарларга (5% жана 10%) 110 миллиард долларлык бажы алымдарын киргизген, ал эми 2019-жылы бир катар товарларга, анын ичинде суюлтулган газга алымды 25%га чейин жогорулаткан.
2019-жылдын күзүндө тараптар кандайдыр бир жеңилдиктерге барышкан. Ошентип, Кытай АКШдан келген товарлардын бир нече категориясын кошумча импорттук пошлиналардан бошоткон, ал эми АКШ бийлиги 400дөн ашык кытай товарларына чектөөнү токтоткон.
2020-жылдын январында Вашингтон менен Пекин соода келишимине кол коюшкан. Кытай АКШдан товарларды жана кызматтарды сатып алууну көбөйтүп, бажы төлөмдөрүн төмөндөтүүгө милдеттенген, ал эми АКШ кытай товарларына болгон тарифтерди андан ары жогорулатуудан баш тарткан. Ошол эле учурда бардык ошол кездеги тарифтер жана алымдар күчүндө калган.
Натыйжада 2020-жылы АКШнын дефицити 332,5 миллиард долларга азайып, 2017-жылга салыштырмалуу АКШнын Кытайга экспорту 5,1 миллиард долларга, импорту 68,6 миллиард долларга кыскарган.
Президент Жо Байден (2021-2025-жылдары) Трамптын санкциялык саясатын уланткан. АКШ Кытайды экономикалык агрессия жана соода келишимин аткарбай жатат деп айыптаса, Кытай бийликтери АКШны бир тараптуу санкциялар аркылуу эл аралык соода тартибин бузуп жатат деп айыптаган.
Эксперттер эми Трамп баштаган соода согушу дагы да уланып, тараптар өз күрөшүндө товарлардын тизмесин жана алымдардын көлөмүн кеңейтүү менен андан ары барышса, анда дүйнөлүк соода системасы олуттуу солкулдоого туш болушу мүмкүн экенин айтышууда.


















