Словениянын президенти Наташа Пирк-Мусар 31-март – 1-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен келмекчи.
Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Акорданын Telegram-каналынан белгилүү болду.
“2025-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин Словениянын президенти Наташа Пирк-Мусар Казакстанга расмий иш сапары менен барат. Сапардын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөр жүрүп, анда соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара кызматташуунун негизги маселелери талкууланат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Бул сапардын алкагында Казакстан-Словения бизнес форуму да болот.
“Словения экосистемаларды коргоо жана туруктуу өнүгүү боюнча демилгелерди жигердүү илгерилетүүдө. Иш сапардын учурунда эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде экология, экономика жана гуманитардык демилгелерди чыңдоодо маанилүү кадамдар жасалат”, – деп билдирди Казакстандын президентинин басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-ноябрында Наташа Пирк-Мусар Словениянын биринчи аял президенти болуп шайланган..
2023-жылдын 18-сентябрында Касым-Жомарт Токаев Наташа Пиртс-Мусар менен Нью-Йоркто (АКШ) өткөн БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммитинин алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн .



















