Eurasiatoday
Жекшемби, 15-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Сирия менен Сауд Аравия элдешүүнү чечишти

  • Батыш Азия
  • 20.04.2023 09:28

Loading

Араб өлкөлөрү Сириянын мындан ары изоляцияланышынын мааниси жок экенин, республика менен диалогго баруу керектигин акырындап моюнга алышууда. Сириянын президенти Башар Асад Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль-Саудду расмий түрдө кабыл алды. Дамаск үчүн мындай деңгээлдеги расмий эл аралык сапар 2011-жылдан бери биринчи жолу болду.

Сауд Аравия менен Ирандын Кытайдын ортомчулугу менен элдешип, дипломатиялык мамилелерди калыбына келтириши Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн көйгөйлөрдүн оң жакка чечилишине таасирин тийгизе баштагандай.

Март айынын башында Тегеран менен Эр-Рияд жети жылдык тыныгуудан кийин Пекиндин ортомчулугу менен алакаларды калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшуп, эки айдын ичинде элчиликтерди ачууну макулдашышканы баарыбызга маалым.

Тема боюнча

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026

23-мартта Сирия менен Сауд Аравия 2012-жылы дипломатиялык мамилелер үзүлгөндө жабылган элчиликтерин кайра ачууга макул болгону белгилүү болгон. Эр-Рияд апрель айынын аягында мусулмандардын ыйык Рамазан айы аяктагандан кийин Дамасктагы консулдугунун ишин да кайра жандантканы турат.

Сауд Аравия менен Сириянын ортосундагы мамиленин жылышы Перс булуңундагы араб өлкөлөрүн Башар Асаддын режимине жакындатууда маанилүү кадам болмокчу. Анткени Сирияда куралдуу кагылышуу башталгандан кийин  Дамасктын Араб Лигасына мүчөлүгү 2011-жылы ноябрда тоңдурулуп, бир катар араб өлкөлөрү Дамасктан элчилерин чакыртып алган.

Сирия-Сауд мамилеси калыбына келгени тууралуу кабарлар чыга электе эле Асад 19-мартта Абу-Дабиге, ага чейин бир ай мурда Оманга расмий сапары менен барып, дос өлкөнүн башчысы катары кабыл алынган.

Сирияга 12 жылдан бери биринчи жолу саудиялык аткаминер расмий  сапар менен келди

Сириянын президенти Башар Асад Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль-Сауд расмий түрдө кабыл алганын Сириянын расмий SANA маалымат агенттиги билдирди. Дамаск үчүн мындай деңгээлдеги расмий эл аралык сапар 2011-жылдан бери биринчи жолу болду.

 Сириянын башчысы менен саудиялык министр өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жана жалпы араб дүйнөсүндөгү саясий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Саудиялык министр Фейсал бин Фархан Аль-Сауд Дамаск менен башка араб өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи – Эр-Рияд буга салым кошууга даяр деди ал. Мындан тышкары, бин Фархан Сирия жарандык согуштун кесепеттерин жеңип, туруктуу экономикалык өнүгүүнү калыбына келтирүүгө жетишээрине ишенимин билдирди.

Бен Фархан Сирия менен башка араб өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер нормалдуу калыбына келиши керек жана анын араб дүйнөсүндөгү жана [Жакынкы Чыгыш] чөлкөмүндөгү ролу мурункуга караганда олуттуураак болушу керек экенин баса белгиледи.

Асад араб элдерин бириктирген боордоштук байланыштардын тереңдиги көп тараптуу аймактык мамилелердин табигый өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Сириянын башчысы Эр-Рияддын ачык саясаты Жакынкы Чыгыштагы бардык араб өлкөлөрүнүн кызыкчылыгына жооп бере тургандыгын белгиледи.

Сирия лидеринин кеңсеси тараткан билдирүүгө ылайык, Асад Сирияга каршы башталган согуштун бардык кесепеттерин жоюуда, Араб Республикасындагы абалды  турукташтырууда жана Сириянын бардык аймактарын бошотууда сирия элин колдоо үчүн бир тууган араб өлкөлөрүнүн ролу зарыл экендигин белгиледи.

“Сирия элинин кризистин кесепеттеринен чыгуусу үчүн араб өлкөлөрүнүн колдоосу керек”, – деди Асад.

Саудиянын тышкы иштер министри Дамаскка 2011-жылдан бери биринчи жолу барды.

Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин Твиттердеги баракчасында белгилегендей, бул сапар Падышалыктын Сирия кризисин саясий жол менен чечүүгө болгон каалоосу жана кызыкчылыгынын фонунда өтүп жатат.

Ал өз кезегинде кризистин бардык кесепеттерин жоюга, Сириянын аймактык бүтүндүгүнүн жана анын иденттүүлүгүнүн, өлкөдө коопсуздуктун жана туруктуулуктун орнотулушу, ошондой эле анын курчап турган араб өлкөлөрү менен байланыштарын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүгө салым кошот.

Эки өлкөнүн байланыштары жана Сирияны Араб Лигасына кайтаруу маселеси

Өткөн аптада Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль-Сауд сириялык кесиптеши Фейсал Микдад менен Саудиянын Жидда шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү кабыл алышкан.

2011-жылы өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер үзүлгөндөн бери биринчи жолу болгон жогорку даражалуу сириялык аткаминердин Сауд Арабияга болгон сапарынын алдында Перс булуңундагы өлкөлөр, Египет, Иордания жана Ирактын тышкы иштер министрлери Сириянын Араб Мамлекеттеринин Лигасына толук мүчөлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө жыйын өткөрүшкөн.

Жидда  шаарында чогулган Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин алты өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери (Сауд Аравия, БАЭ, Катар, Бахрейн, Кувейт жана Оман) Сирияны Араб Лигасына кайтаруу боюнча акыркы чечимди кабыл алышкан жок бирок бул маселе боюнча консультацияларды улантуунун зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.

Дамасктын Араб Лигасына мүчөлүгү 2011-жылдын ноябрында Сирияда башталган жарандык согуш маалында токтотулган. Араб өлкөлөрүнүн көбү Сирия бийликтеринен оппозициянын пайдасына жеңилдиктерге ээ боло албагандыктан, элчилерин чакыртып алып, Сирияга экономикалык бойкотко кошулушкан.

Жакында эле араб өлкөлөрү, анын ичинде Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Оман Дамасктагы дипломатиялык миссияларын кайра башташты, бирок Сириянын Араб Лигасына мүчөлүгүн калыбына келтирүү маселеси уюмга мүчө мамлекеттер арасында карама-каршылыктарды жаратууда.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Башар АсадмамилеСауд АравияСирияФейсал бин Фарханэлдешүү
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

29.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

27.10.2026
Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына каршы «максималдуу басым» саясатын баштады

Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына каршы «максималдуу басым» саясатын баштады

27.10.2026
ЖМК: Хуситтердин чабуулдарынан улам Эр-Рияддагы аба каттамдарынын бир бөлүгү 400 чакырым алыстагы аэропортко которулду

ЖМК: Хуситтердин чабуулдарынан улам Эр-Рияддагы аба каттамдарынын бир бөлүгү 400 чакырым алыстагы аэропортко которулду

26.10.2026
Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

26.10.2026
АКШ Сауд Арабиясынан дипломаттарын тез арада чыгарат: Сауд Арабиясында кырдаал курчуп жатабы?

АКШ Сауд Арабиясынан дипломаттарын тез арада чыгарат: Сауд Арабиясында кырдаал курчуп жатабы?

22.10.2026
ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтерге каршы согушка Сириядан 10 миң аскер тартууну көздөп жатат

ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтерге каршы согушка Сириядан 10 миң аскер тартууну көздөп жатат

21.10.2026
Эр-Риядда аба каттамдары токтоп, жеке учак менен чыгып кетүү 150 миң долларга жетти

Эр-Риядда аба каттамдары токтоп, жеке учак менен чыгып кетүү 150 миң долларга жетти

21.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.