Мохаммед аль-Башир 2025-жылдын 1-мартына чейин Сириянын өткөөл өкмөтүнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды, деп билдирет Al-Arabiya.
Аль-Башир инженер жана юридикалык факультеттин бүтүрүүчүсү. Жакында ал Идлибдеги “улуттук куткаруу өкмөтү” деп аталган өкмөттө премьер-министр болгон.
1983-жылы Идлиб губернаторлугунда төрөлгөн аль-Башир 2007-жылы Алеппо университетин электр жана электроника инженери адистиги боюнча бүтүргөн, ал эми 2021-жылы Идлиб университетинен шарият жана укук адистиги боюнча билим алган. 2022-жылы Сириянын куткаруу өкмөтүндө өнүктүрүү жана гуманитардык иштер министри болуп дайындалган.
Эске салсак, 2024-жылы декабрда Сирияда аскерий төңкөрүш болуп, анын натыйжасында президент Башар Асад бийликтен кулатылган. Козголоңчулар жана террористтик топтор, анын ичинде Хаят Тахрир аш-Шам исламчыл коалициясы Сириянын түндүгүнө ноябрдын аягында чабуул жасап, бир нече күндүн ичинде өлкөнүн дээрлик бардык ири шаарларын басып алышкан.
Сириянын мурдагы президенти Башар Асад өзү үй-бүлөсү менен Москвага чыгып кеткен.















