Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Сириядагы террорчулардын активдешүүсү. Ирандын президенти бир катар лидерлер менен кырдаалды талкуулады

  • Батыш Азия, Башкы жаңылыктар, Саясат
  • 03.12.2024 11:30

Loading

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Сириядагы террорчулардын активдешүүсүнүн фонунда бир катар өлкөлөрдүн лидерлери менен телефондон сүйлөшүп, аймактагы кырдаалды талкуулады.

27-ноябрь күнү эртең менен “Жабхат ан-Нусра” экстремисттик тобунун түзүмдөрү Сириянын түндүгүндө масштабдуу чабуул жасашты. Сириянын Куралдуу күчтөрдүн командачылыгынын билдирүүсүнө ылайык, террористтер Сирия армиясынын жана аскердик объектилеринин коргоосу астындагы айылдарга жана шаарларга кол салууга аракет кылып, өкмөттүк күчтөрдүн позицияларына чабуулун улантышкан. Армия чабуулдун мизин кайтаруу операциясын баштады. 30-ноябрда Куралдуу күчтөрдүн командачылыгы Алеппо шаарынын көптөгөн райондоруна кирген террористтердин позицияларына чабуул жасалганы тууралуу маалымат берди. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Сирия армиясы карапайым калктын жана аскер кызматкерлеринин өмүрүн сактап калуу жана контрчабуулга даярдануу үчүн өз күчтөрүн кайра топтоого аргасыз болду.

Иран Сирияга жардам берүүгө даяр

Тема боюнча

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026

Ирандын президенти сириялык кесиптеши Башар Асад менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Тегеран Дамаскка терроризмге каршы күрөштө бардык зарыл жардамдарды берүүгө даяр экенин билдирди.

Пезешкян Иран Сириянын биримдигин жана туруктуулугун бузуу аракеттерин толугу менен четке кагарын ырастады.

Ислам Республикасынын президенти “Иран террорчуларды жок кылуу жана алардын демөөрчүлөрүнүн жана колдоочуларынын пландарын бузуу үчүн Сирияга бардык колдоолорду көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Пезешкяндын айтымында, АКШ менен Израилдин амбициялары “аймактын өлкөлөрүнө жана элдерине каршы багытталган”, ал эми Сирияда болуп жаткан окуялар “бул амбициялардын бир көрүнүшү”.

Башар Асад террорчулардын учурдагы эскалациясы аймакты бөлүп-жарып, анын өлкөлөрүн майдалап, Америка менен Батыштын кызыкчылыктарына жана максаттарына ылайык карталарды кайра сызуу аракетиндеги узак мөөнөттүү максаттарды чагылдырарын билдирди.

Сириянын лидери террордук топтордун активдешүүсү Сирияга өлкөдө терроризмдин тамыры жок кылынмайынча аларга каршы турууга чечкиндүүлүктү гана берерин баса белгиледи.

Израил мусулман өлкөлөрүндө терроризмди жайылтууда

Пезешкиан Катардын эмири шейх Тамим Бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө  Израиль ислам өлкөлөрүндөгү абалды туруксуздаштыруу максатында терроризмди жайылтып жатат деген пикирин билдиргенин иран президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Сириянын түндүгүндө террордук топтордун активдешип жатканына токтолгон Пезешкян Жакынкы Чыгыш аймагында туруксуздуктун жана терроризмдин жайылышы эч бир өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылбай турганын, ага каршы күрөшкө аймактагы бардык мамлекеттердин катышуусу керектигин айтты.

Ал ошондой эле ислам дүйнөсүндө туруксуздукту жана терроризмди жайылтууда сионисттик режимдин ролун белгиледи.

Катардын эмири өз кезегинде Сириядагы кырдаал ал жердеги стабилдүүлүк менен коопсуздукка диалог жана саясий чечим аркылуу гана жетишүүгө болоорун дагы бир жолу далилдегенин белгиледи.

“Доха Сирияда тынчтык орнотууда өз ролун ойноого даяр”, – деди ал.

Иран Сирия боюнча Орусия менен кызматташууга даяр

Иран менен Орусиянын президенттеринин сүйлөшүүсүнүн негизги темасы Сириядагы кризис болду.

Пезешкиан орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Тегеран Сириядагы жаңжалды жөнгө салууда жана Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө стабилдүүлүктү орнотууда Москва менен кандай жол менен болбосун кызматташууга даяр экенин билдирди.

“(Орусия президентинин – ред.) аймактагы абалды көзөмөлдөө жана Сириядагы кризисти жөнгө салуу боюнча азыр көрүлүп жаткан аракеттеринен кабардармын жана буга байланыштуу Иран бул багытта Орусия менен бардык жактан кызматташууга даяр экенин билдирем”, – деген Пезешкяндын сөздөрүн Ирандын президентинин аппаратынын расмий сайты кабарлады.

Ислам өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттери зарыл

Пезешкиан Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа аль Судани менен болгон сүйлөшүүсүндө Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Сириянын өкмөткө каршы согушуп жаткан террордук топторду жеңүүгө жардам берүү үчүн ислам өлкөлөрү биримдик жана ынтымакка муктаж экенин айтты.

Аль- Судани өз кезегинде Сириянын түндүгүндө пайда болуп жаткан туруксуздукка тынчсыздануусун билдирип, террордук топтордун аракеттерин сионисттик режимдин Сириянын эгемендигин бузуу жана туруксуздук атмосферасын түзүү боюнча кеңири стратегиянын бир бөлүгү катары мүнөздөдү.

Белгилей кетсек, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Сирияда террордук активдүүлүк күчөп жаткан шартта Жакынкы Чыгыш аймагындагы өлкөлөргө сапарын баштады. Жекшемби күнү ал Дамаскка барып, Сирия Араб Республикасынын президенти Башар Асад менен жолугушуп, Тегерандан Сирия өкмөтүнө кайрылуусун жеткирди, ошондой эле Ирандын террордук топторго каршы күрөштө Сириянын армиясы менен өкмөтүнө колдоосун ырастады. Андан соң Аракчи Анкара барып, түркиялык кечиптеши Хакан Фидан менен жолугушуп, Сириядагы акыркы кырдаалды талкуулады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АлеппоиранкырдаалМасуд ПезешкианСириятеррордук топтор
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026
Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026
АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

24.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.