АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин анын Иранга курал жеткирүү тууралуу эскертүүсүнө жооп берип, Кытай мындай аракеттерди жасабай турганын билдиргенин айтты.
Трамп буга чейин Бээжинди Тегеранга курал жеткирүүдөн карманууга чакырганын белгиледи.
«Мен Кытай Иранга курал жеткирип жатат деген маалыматтарды уккам — муну өзүңөр да бардык жерден көрүп жатасыңар», — деди Трамп Fox Business телеканалындагы Mornings With Maria программасына берген маегинде.
«Мен ага мындай кылбоону өтүнүп кат жазгам, ал болсо жооп берип, негизинен мындай иш менен алектенбей турганын айтты», — деп кошумчалады Ак үйдүн башчысы.
14-апрелде жазылган бул маекте Трамп кат алышуу так качан болгонун тактаган жок. Буга чейин өткөн жумада ал Иранга курал жеткирүүнү көздөгөн өлкөлөргө дароо 50 пайыздык тарифтерди киргизүү менен коркуткан.
Ошондой эле Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында «Ормуз кысыгын түбөлүккө ачып жатканын» жарыялады.
«Мен Ормуз кысыгын түбөлүккө ачып жатканыма Кытай абдан ыраазы. Мен муну алар үчүн да — бүт дүйнө үчүн жасап жатам. Мындай кырдаал эми эч качан кайталанбайт», — деди ал.
Саясатчы ошондой эле Иран менен болгон согуш жана Венесуэладагы кырдаал дүйнөлүк мунай рыногуна таасир этсе да, бул келерки айда пландалган Си Цзиньпин менен жолугушууга таасир этпейт деп эсептей турганын айтты.
«Ага мунай керек. Бизге — жок», — деди Трамп.
Эки өлкөнүн лидерлери жакын арада жолугушууга даярданып жатышат жана Трамп Truth Social тармагында жазгандай, ал жылуу кабыл алууга үмүттөнөт.
«Мен Кытайга барганда, төрага Си мени бекем кучактайт. Биз акыл-эстүү жана абдан жакшы иштешип жатабыз! Согушкандан көрө бул жакшы эмеспи???», — деди президент.
«Бирок эсиңерде болсун: керек болсо, биз согушууну абдан жакшы билебиз — баарынан жакшы!!!», — деп жыйынтыктады Трамп.



















