Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кытай Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык (АТЭС) уюмуна мүчө өлкөлөр менен биргеликте эркин сооданы колдоого жана жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга ниеттенгенин билдирди.
Бул тууралуу ал АТЭСке мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин 32-жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты.
«Биринчиден, биз көп тараптуу соода тутумун биргеликте колдоп, чыныгы көп тараптуулукту өнүктүрүшүбүз керек. Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) негизги ролду ойной турган көп тараптуу системанын аброюн жана натыйжалуулугун чыңдоо маанилүү. Ошондой эле өндүрүш жана сатуунун туруктуу, үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн биргелешип аракеттенишибиз зарыл», — деди Си Цзиньпин.
Кытай лидери дүйнө учурда бурулуш мезгилди баштан кечирип жатканын, эл аралык абал болсо өтө туруксуз болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай шартта Азия-Тынч океан аймагы да олуттуу чакырыктарга туш болууда.
«Деңиз канчалык бороондуу болсо, ошончолук бекем ынтымак көрсөтүшүбүз керек. Биз АТЭСтин негизги максаттарына — экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана элдин жыргал турмушун жогорулатууга — бекем карманышыбыз зарыл», — деп белгиледи ал.
Си Цзиньпин ошондой эле Кытай АТЭС өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу, ачык саясат жүргүзүүгө, инклюзивдүү экономикалык глобалдашууга жана Азия-Тынч океан аймагында бирдиктүү коомчулукту түзүүгө умтуларын кошумчалады.


















