Германиянын канцлери Олаф Шольц Украина жаңжалын жөнгө салуу боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүүлөргө даяр. Бул тууралуу ал бундестагдын депутаттарынын алдында сүйлөп жатып билдирди.
“Орус президенти менен сүйлөшөбүзбү деген суроого биз жооп беребиз: ооба, аны менен да”, – деди Шольц.
Канцлер Украина бардык сүйлөшүүлөргө катышуусу керектигин жана Германиянын өнөктөш өлкөлөрүнүн ортосунда алдын ала макулдашуусуз эч кандай чечим кабыл алынбасын билдирди. Ал ошондой эле Украинаны мындан ары да колдоону убада кылды.
Буга чейин дүйнөлүк ММКлар немис тышкы иштер министри Анналена Бербок Путиндин Шольц менен сүйлөшүүгө даяр эместигин билдиргенин жазган.
















