Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан, бийиктиги 4050 метр болгон аты жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген географиялык аталыш берүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнө 25 жыл толгонуна жана 2026-жылы Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүп жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүдөй токтом кылынды:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан, бийиктиги 4050 метр болгон аты жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген географиялык аталыш берүү маселесин кароо;
- үч айлык мөөнөттө тиешелүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып, аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылды.




















