14-февралда Россиянын Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын Москвадагы элчиси Ботиржон Асадов чакыртылды.
Ага Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору, ошондой эле Өзбекстандын Улуттук медиа-ассоциациясынын төрагасы Шерзодхон Кудратходжанын айткандарына байланыштуу нааразычылык билдирилди. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымат берилген.
Шерзодхон Кудратходжа Alter Ego маалымат каражатына берген маегинде 1966-жылы Ташкенттеги жер титирөөдөн кийин Беларус, Украина жана Россиядан көптөгөн жумушчулар калгандыгын белгилеген.
«Бирок тилекке каршы алар биздин тилди 40 – 60 жыл өтсө да үйрөнүшкөн жок. Карл Маркс тастыктагандай, ар ким өзүнүн деңгээлине жараша болот. Ал жашаган өлкөнүн тилин эки адам билбейт. Биринчи — бул оккупант, бирок көпчүлүк адамдардын акыл-эсинде алар окупанттар. Экинчи — бул келесоо, башкача айтканда ойлоно албаган, акыл-эси менен иш кылбаган же окубаган адам. Ошондуктан алар өздөрүнө өздөрү чечим чыгарсын: алар окупанттарбы же келесоолорбу. Бул айткандарыма таарынбай деле коюшсун», — деген Шерзодхон Кудратходжа.
РФнын ТИМи Шерзодхон Кудратходжа маегинде айткан кемсинтүүчү жана кабыл алынгыс сөздөрү үчүн нааразычылык билдирген.
Ошондой эле Россиянын тышкы иштер министрлиги мындай билдирүүлөр Россия жана Өзбекстандын ортосундагы тереңдетилген стратегиялык өнөктөш мамилелерге ылайык келбей тургандыгын белгилеген.
Билдирүүдө орус тили СССРде уникалдуу бириктирүүчү милдет аткарып, ар бир улут өз маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү болгондугу баса белгиленген.
Россиянын тышкы саясат ведомствосу Россия жана Өзбекстандын элдерин бири-бири менен уруштурууга болгон баардык аракеттер үзгүлтүккө учурагандыгына ишене тургандыгын кошумчалаган.
РФнын ТИМи Өзбекстан ТИМнин Шерзодхон Кудратходжанын айткандарына принципиалдуу баа берген расмий комментарий жасоосуна үмүт артарын да билдирген.



















