Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 25-26-декабрда өтө турган КМШ жана ЕАЭБ саммиттерине катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат.
Мирзиёев КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусунун иш-чараларына жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына байкоочу статусунда катышууну пландаштырууда.
Саммиттердин күн тартибинде аталган көп тараптуу бирикмелердин алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери бар. Биргелешкен иштин негизги жыйынтыктары чыгарылып, келерки жылы практикалык өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болот.



















