Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстанга расмий иш сапары менен келери Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун сайтында маалымдалды.
Буга байланыштуу Алматыда эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 21-жыйыны өттү. Ага Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана казакстандык кесиптеши Олжас Бектенов катышты.
«Өзбекстан Казакстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Биздин өкмөттөрүбүзгө. Эки мамлекеттин башчылары орто мөөнөттүү келечекте өз ара сооданын көлөмүн 10 миллиард долларга чейин жеткирүү милдетин коюшту», – деди Бектенов.
Борбор Азиядагы сооданын 57% Казакстан менен Өзбекстанга туура келет. Өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 4,5 миллиард долларга жетсе, 2024-жылдын төрт айында бул көрсөткүч 1,2 миллиард доллардан ашты, деп айтылат Казакстандын премьер-министринин сайтында.
«Оң өсүш бардык тармактарда байкалууда. Бул биздин бир тууган элдерибиздин таламдарына толук жооп берет. Албетте, өнөктөштүктүн мындай жогорку деңгээлинин маанилүү фактору болуп мамлекет башчыларынын ортосундагы достук жана ишеним мамилелери саналат. Бүгүнкү жолугушуу жана жетишилген макулдашуулар биздин кызматташтыгыбызга кошумча түрткү берет деп ишенем», — деди Абдулла Арипов.
Август айында Астанада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин консультативдик жолугушуусу, ошондой эле Япониянын премьер-министри Фумио Кишиданын катышуусунда “Борбор Азия + Япония” саммити өтөт. Япония 2004-жылы «5+1» форматында диалогду баштаган биринчи өлкө болуп, эң жогорку деңгээлдеги саммит өткөрүлөт.


















