Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев баланы энесинин атына каттоо боюнча пикирин билдирди.
Анын айтымында, ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан Ислам дини баланын тегин атага таандык кылат.
“Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекеттерде уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген. Шарият адамдын акылын, намысын, мүлкүн, тегин, урпагын сактоону максат кылат. Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө балдардын майып төрөлүүсүнөн сактайт. Динибиз ушул себептүү баланын атасы белгилүү болуусун жактайт. Ыйык Куран баланы өз атасынын аты менен чакырууну насаат кылат”, – деди Ракиев.
Ошондой эле ал атасын билбегендер «жети атасын билбеген, жетесиз кул» деп катуу айыпталганын, кыргызда «тексиз кул» дегенден өткөн оор сөз болбогонун белгиледи.
“Улуттук каада-салтыбызда жети атасын билүү деген генеологиялык алтын эреже бар. Бул принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет. Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! “Кыргызда кыздын аты улук” деп тегин жерден айтылбаган. Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык”- деди муфтий.
Ал матчествого өтүү баланын психологиялык жактан травма алышына, коом тарабынан басмырланышына алып келерин белгиледи.
“Биз мусулман катары, жаран катары балдарыбызды аяп-кастарлап, ар кандай күмөндүү кыймылдарга салып берүүдөн сактанышыбыз керек. Мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн”, – деп билдирди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы.
Эске салсак, активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул маселе боюнча ал көптөн бери соттошуп келе жаткан активисттин арызын жогорку сот органы үстүбүздөгү жылдын февралында кароо үчүн кабыл алган.
Бул маалымат жарыяланары менен коомчулукта катуу талкуу башталды. Анын арасында катуу сындар айтылса, бул нерсени колдогондор да болууда.
Конституциялык соттун маалымат кызматы бул боюнча түшүндүрмө берип, 18 жашка чыккан жаран атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечерин билдирди.
30-июлда Конституциялык сот бул жагдай боюнча Үй-бүлө кодекси менен “Жарандык абал боюнча” мыйзамдын бир катар нормаларынын Конституцияга туура келер-келбесин карап, аны Баш мыйзамга каршы келбейт деп тааныган.