Иран “Шахид Багери” аттуу дрондор учуп-конгон заманбап биринчи аскердик кемесин көрсөттү.
Бул заманбап деңиз-аскердик кемеси учкучсуз учуучу учактардын бир нече эскадрильясын жайгаштырууга, учкучсуз согуштук учактарды учурууга жана кайра кондурууга, ошондой эле чалгындоо жана чабуул жасоочу учкучсуз учактарды башкарууга жөндөмдүү.
“Шахид Багери” кемесинин арсеналында ошондой эле жогорку ылдамдыктагы чабуул жасоочу катерлер, согуштук жана колдоочу тик учактар да бар.
Кеменин узундугу 240 метр, бийиктиги 21 метр. Ал 60 учкучсуз учуучу аппаратты жана 30 ракета аткычты батыра алат. Анын 180 метрлик учуп-конуу тилкеси бар.
Кеме ошондой эле жер-жер классындагы “Нур” канаттуу ракеталар менен жабдылган жана кемеге каршы ракеталар үчүн өзүнчө платформа бар. Бул ракеталардын операциялык учуу аралыгы орнотулган ракетанын түрүнө жараша 750 километрден 2000 километрге чейин өзгөрөт, бул кеменин чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн эки эсеге көбөйтөт.
Учкучсуз учак ташуучу кеме Бандар Аббастагы иш-чарада Перс булуңундагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрүнө кошулду.

















