Баш калаага 1300 автобустун баары алынып келинээри менен шаардын борбордук бөлүгүнөн маршруткалар чыгарылат.
Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов журналисттерге билдиргенин 24.kg агенттиги жазды.
Анын айтымында, азырынча сөз Курманжан Датка – Түштүк магистраль – Садырбаева – Жибек Жолу аянты тууралуу болуп жатат.
“Бардык автобустар келгенде шаардын муктаждыктары жабылат. Маршруттук таксилер ашыкча болуп, борбор калаанын чет жакаларына каттай баштайт», – деди ал.
Ошол эле учурда Сазыкулов буга байланыштуу коомдук транспортто жол кире акысын эки эсеге, 20-22 сомго чейин көтөрүү сунушталып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, бул үчүн мэрия ыңгайлуу, өз убагында жүргөн жана жетиштүү коомдук транспорт менен камсыз кылышы керек. Кеп көп орундуу, экологиялык жактан таза, жаңы жана заманбап автобустар жөнүндө болуп жатат. Азыр линияга 100 жаңы автобус чыгарылды, жакынкы аралыкта дагы 100 автобус чыгарылат. Жыл аягына чейин 800 жаңы автобус алып келинип, каттамга чыга баштайт.
«Дизель майынын бир литринин баасы 56 сом болуп турганда, бир жүргүнчүнү ташуунун өздүк баасы 18,7 сомду түзчү. Азыр андан да жогору. Газдын баасы көтөрүлдү. Мурда 19,21 болсо, азыр дээрлик 30 сомго чыкты. Электр энергиясы да кымбат, тетиктер кымбаттап жатат. Тегеректеп алган күндө да тариф 20 сомдон кем эмес болот. Азыр биз тарифтерди көтөрүү жөнүндө да эмес, аны өздүк наркына ылайыкташтыруу жөнүндө айтып жатабыз. Тарифтер жок дегенде чыгымдарды жабуусу керек. Эгер бул аткарылбаса, эки жылдан кийин кайрадан эски автопарк жана транспорттук коллапс болот», – деди Сазыкулов.