Россиянын бийлиги алыскы чет өлкөлөрдөн жумушчу күчүн тартуу боюнча экспериментти улантууну чечти.
Бул долбоордун алкагында Санкт-Петербургдун көчөлөрүн эми Индиядан келген мигранттар тазалап жатышат. Приморск районунда иштеп жаткан жумушчулар формаларында өз өлкөсүнүн жана Россиянын желектери түшүрүлгөн шеврондорду тагынышат.
«Фонтанка» басылмасы аныктагандай, индиялык жумушчулардын айлыгы 100 миң рублди түзөт. Мындан тышкары, иш берүүчү — «Коломяжский» акционердик коому — бардык документтерди жасоону жана жол кирени төлөп берген, ошондой эле турак жай, тамак-аш, кийим-кече жана башка зарыл инвентарь менен камсыздоону өз мойнуна алган.
Мигранттар менен орус тили мугалими да иштейт: аларга жумушка байланыштуу терминдер, анын ичинде жол кыймылынын эрежелери түшүндүрүлөт. Топ 19 жаштан 43 жашка чейинки Индиянын 17 жаранынан турат.
Мигранттардын бири, 26 жаштагы Мукеш Мандал, өз мекенинде «Microsoft сыяктуу компанияларда» иштегенин, жасалма интеллект технологияларын, ChatGPT жана башка ушул сыяктуу куралдарды колдонгонун айтып берди. Ал өзүн айти адиси деп эсептээрин белгилеп, Россияда болгону 1 жыл иштеп, акча таап, андан соң Индияга кайтууну пландап жатканын кошумчалады.
Акча табуу үчүн келгендердин арасында ишкер, үйлөнүү тойлорун уюштуруучу, дыйкандар, айдоочулар, архитектор, айкелчи жана өтүкчү да бар.

«Индиялыктар өздөрүн абдан жакшы жагынан көрсөтүп жатышат: коңшу мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу алар көбүрөөк жана сапаттуу тазалашат», — деди «Коломяжский» ААКсынын комплекстүү тазалоо бөлүмүнүн башчысы Мария Тябина.
Анын айтымында, компания азырынча индиялык жумушчуларды сыноо тартибинде ишке алган, бирок жетекчилик бул тажрыйбаны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Ошондой эле ал россиялыктардын өздөрү «анча каалоо менен эмес» кч шыпыргыч болуп ишке орношорун кошумчалады.
Бул жагдайда Санкт-Петербургда жана кийинки жылга да узартылган чечимге ылайык, мигранттардын патент менен курьердик жеткирүү жана такси тармагында иштөөсүнө тыюу салынган. Губернатордун билдиришинче, бул чара «жергиликтүү рынокту коргоо» жана жергиликтүү тургундар үчүн жумуш орундарын сактап калуу максатын көздөйт.
Шаарда жана Ленинград облусунда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Маселен, 11-декабрда 505 адам убактылуу кармоо борборуна жайгаштырылып, кийин депортацияланган.
Кышкы сезон алдында, жумушчу күчүнө болгон муктаждык күчөгөн маалда, Санкт-Петербургда кч шыпыргычтардын штаты болгону 80 пайызга гана толукталган. Азыркы учурда шаарда негизинен жеңил өнөр жай тармагында иштеген 3000ден ашык индиялык мигрант бар.
Буга чейин Индиянын Санкт-Петербургдагы башкы консулу Нилам Рани эмгек рыногундагы кадр тартыштыгын жоюу үчүн Россияга бул өлкөдөн 400 миңге чейин эмгек мигрантын тартуу пландалып жатканын билдирген.
Декабрь айында президент Владимир Путиндин Индияга болгон сапарынын алкагында тараптар эмгек мобилдүүлүгү боюнча келишимге кол коюшкан. Ал документ Индия Республикасынын жарандарын эмгек мигранты катары көбүрөөк тартууну карайт. 2025-жылы Россия Федерациясында Индиянын жарандары үчүн чет элдик адистерге каралган 234 900 квотанын ичинен 71 800 орун бөлүнгөн.



















