Россиянын Волгоград менен Санкт-Петербург шаарлары убактылуу Сталинград жана Ленинград болуп өзгөрөт.
Санкт-Петербург убактылуу кайрадан Ленинград деп аталат, бирок бул өзгөрүү учкучтар менен авиадиспетчерлер үчүн гана болот. Бул тууралуу «Mash на Мойке» Telegram-каналы документтерге таянып билдирди.
«Авиадиспетчерлерге Пулкового конгон же шаардын үстүнөн учкан учкучтар менен сүйлөшкөндө Ленинград-Подход жана Ленинград-Контроль деген чакырыктарды колдонуу тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, мындай чечим Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата кабыл алынган. 8-10-май күндөрү бардык авиадиспетчерлер жана Пулкового конгон учактардын учкучтары Петербургду Ленинград деп аташууга милдеттүү болот.
Мындан тышкары, «Осторожно, новости» Telegram-каналы жазгандай, Волгоград дагы Сталинград болуп өзгөртүлөт. Гумрак аэропортуна конгон учкучтар авиадиспетчерлерге «Сталинград-Подход (Контроль)» деп кайрылышат.
Жарандык авиациянын учкучу Максим «Осторожно, новости» менен маегинде, шаарларды майрамга карата ушундайча убактылуу өзгөртүү демилгеси биринчи жолу болуп жатканын айтты. Ал бул демилгени «кызык провокация» деп атады.
«Эгерде 9-май күнү Германиянын улуттук авиакомпаниясы Lufthansa Волгоградга консо, кызык болмок. Contact Stalingrad tower, please», — деп белгиледи маектеш.
1941-жылдын 22-июнунда таң эртең менен нацисттик Германия Советтер Союзуна кол салган. Жоочуларга каршы күрөшкө бүтүндөй өлкө көтөрүлгөн. Москва үчүн салгылаш, Ленинграддын блокадасы, Севастополдун коргонуусу, ошондой эле Курск, Ржев жана Сталинград салгылаштары — Советтик Армия бир кадам сайын немис-фашисттик баскынчылардын соккуларына туруштук берип, аларды батышты көздөй сүрүп, акыры Жеңишке жеткен.




















