Кыргызстандыктар өлкөнүн ичинде санарип паспорттор менен уча алышат. Бул тууралуу “Манас” эл арлык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов өзүнүн соц.тармактагы баракчасынан билдирди.
Ал “Манас” эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрүнө кайрылып, “Эми санарип ID паспорт менен Кыргызстандын ички каттамдарында учууга болот. Ички каттамдардын жүргүнчүлөрү Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспортун көрсөтүү менен тоскоолдуксуз уча алышат. Эгер паспортуңузду унутуп калсаңыз, тынчсызданбаңыз, Tunduk сизге жардамга келет” деп жазды.
Самидиновдун билдиргенине караганда, Google Play жана App Store`дон Tunduk тиркемесин көчүрүп алуу жетиштүү.
Жарандар “Түндүк” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу документтерди санарип форматта мамлекеттик мекемелерге, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтө алат. Мындан тышкары жарандарга тиешелүү документтердин “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алынган электрондук варианты юридикалык күчкө ээ болот.
Азыр бул порталда паспорт, айдоочулук, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтер киргизилип, жалпы 150дөн ашык кызматтар азыр иштеп жатат.



















