Индиянын бийлиги Түштүк Кореянын технологиялык гиганты Samsung компаниясын импорттук бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндүгү үчүн 601 миллион доллар айыпка жыкты. Бул айыппул компаниянын өзүнө гана эмес, анын жогорку жетекчилерине да тиешелүү.
Бул тууралуу GizmoChina басылмасы билдирди.
Айып Samsung тарабынан импорттолгон телекоммуникациялык жабдуулар үчүн бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөй калышы менен байланыштуу. Бул Индия өкмөтү тарабынан салынган эң ири салыктын бири болуп эсептелет.
Мындан тышкары, индиялык бийлик Samsung компаниясынын жети жетекчисин да айыпка жыкты. Аларга жалпы 81 миллион доллар айып салынган. Айып салынган жетекчилердин арасында Samsung’дун тармактык бөлүмүнүн вице-президенти Сунг Бим Хонг, финансалык директор Донг Вон Чу, каржы боюнча башкы менеджер Шитал Джайн жана кыйыр салык боюнча башкы менеджер Никхил Аггарвал бар.
Samsung компаниясы “Remote Radio Heads” деп аталган телекоммуникациялык жабдуулардын 4G үчүн негизги компонентинин классификациясын туура эмес көрсөткөн деп айыпталууда. Индиянын бийлиги бул классификация компанияга 10-20% бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга мүмкүндүк берген деп эсептейт.
Бул жабдуулар 2018-2021-жылдары импорттолгон жана алар индиялык миллиардер Мукеш Амбаниге таандык Reliance Jio компаниясына сатылган. Белгиленгендей, Samsung’дун 2024-жылы Индиядагы таза кирешесинин ($955 млн) олуттуу бөлүгү дал ушул жабдууларды сатуу менен алынган.
Азырынча Samsung расмий билдирүү жасай элек. Болжолдуу түрдө компания бул чечимге каршы доо арыз бериши мүмкүн.



















