АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social соцтармактагы баракчасына Гренландиянын борбору Нуук шаарынын панорамасы түшүрүлгөн сүрөттү жарыялады. Анда Трамп тоолордун бирине колун коюп, Гренландияны карап турганы чагылдырылган.
Сүрөттө: «Салам, Гренландия!» — деп жазылган.
Кадрда Трамп тоого колун коюп, калктуу конушту карап турганы көрсөтүлгөн.
Америка президенти бул билдирүүнү эмне үчүн жарыялаганын түшүндүргөн жок.
Гренландия Дания падышалыгынын курамына кирет. Бирок Дональд Трамп буга чейин арал АКШнын бир бөлүгү болушу керек экенин бир нече жолу билдирген.
Өз кезегинде Дания менен Гренландиянын бийлиги Вашингтонду аралды басып алуу аракеттеринен алыс болууга чакырып, алардын аймактык бүтүндүгүнө урмат көрсөтүлүшүн күтүшөрүн белгилешкен.


















