Президент Садыр Жапаров 10-августта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы билдирди.
“Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Садыр Жапаровго украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон жакынкы дипломатиялык байланыштарынын жүрүшү жөнүндө маалымдады.
Кыргызстандын президенти Россиянын президентине берилген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.
Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путин 15-августта Альяскада жолугары кабарланган. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү болору күтүлүүдө.
Буга чейин Путин соңку сүйлөшүүлөр тууралуу Казакстан жана Өзбекстандын президенттери менен талкуулаганы кабарланган.

















