Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

 Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

  • Саясат
  • 17.06.2025 13:08

Loading

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашышты.

Тема боюнча

Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

29.10.2026

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен учурашып, Кытай тарап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, өзүнүн потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин жана умтулууларын жогору бааларын жана колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен мамилелерге өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Биз өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана ынак коңшулукка негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жетишилген деңгээлин чын жүрөктөн жогору баалайбыз», – деди Кыргызстандын Президенти. Ал 2025-жылдын февралында Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болгонун баса белгиледи. Жыйынтыгын бере баштаган бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлган.

Президент Кытай Кыргызстандын негизги инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса көрсөттү. Ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталганын канааттануу менен белгиледи.
Мамлекет башчысы көп жактуу кызматташуу темасына токтолуп, эки өлкөнүн көптөгөн эл аралык аянттардагы жемиштүү өз ара аракеттешүүсүн өзгөчө белгиледи.

Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимдин, урматтоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Ошентип, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекети Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жасалма интеллектти колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө Өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз улуттук “Кабар” мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын “Слово Кыргызстана” басма үйү менен Кытай Эл Республикасынын “Синьхуа” маалымат агенттигинин ортосундагы Жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандуму.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Кыргыз-кытай мамилесиКыргызстанКытай
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

16.11.2026
Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

29.10.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Кытайда кунг-фу өнөрүн билген гуманоид жансакчы-робот көрсөтүлдү. Видео

Кытайда кунг-фу өнөрүн билген гуманоид жансакчы-робот көрсөтүлдү. Видео

23.10.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Борбор Азия жана Ак үйдүн табышмагы: АКШнын аракеттерине болгон ишенимди кайра карап чыгуу зарылдыгы 

Борбор Азия жана Ак үйдүн табышмагы: АКШнын аракеттерине болгон ишенимди кайра карап чыгуу зарылдыгы 

13.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
213 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.