Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарында Борбордук Азия тууралуу сөз кылды.
“Биз, Борбордук Азиянын тектеш элдеринин өкүлдөрү, миң жылдык тарыхыбыз жана маданиятыбыз менен сыймыктанабыз. Биздин каада-салттарыбыз менен үрп-адаттарыбыз окшош. Менталитет, психология жана дүйнөгө болгон көз караштарыбыз жагынан дагы бизди көп нерсе бириктирип турат”, – деп билдирди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, орун алып жаткан глобалдуу процесстер бир жагынан Борбордук Азия регионундагы стабилдүүлүккө жана коопсуздукка түздөн-түз таасир этсе, экинчи жагынан анын ролун жана маанисин күчөтүп жатат.
Ал региондун өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоо – Кыргызстан үчүн эң жогорку приоритет экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы, акыркы жылдары Борбордук Азияда регионалдык өз ара аракеттенүү бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.
“Мен биздин аймакты экономикалык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү түзүлгөн бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары көрөм. Мен биздин аймакты эл аралык коомчулуктун мүчөлөрүнө өз ара аракеттенүүсүнө жана кызматташуусуна өз салымын кошкон геосаясий ортомчу катары көрөм. Мен биздин аймакты окшош маданий, тарыхый жана салттуу баалуулуктарды туткан жана колдогон жигердүү өз ара аракеттенип жана динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан коомдор катары көрөм”, – деп кошумчалады ал.
Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан аймактык кооперацияны күчөтүүгө өз салымын кошууга, кызматташтыктын жаңы натыйжалуу форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда ар кандай дүйнөлүк таасир борборлору менен активдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенерин билдирди.
Мамлекет башчысы толук кандуу регионалдык интеграцияга карай жолдо мамлекеттик чек араларды юридикалык тариздөө маселелерин чечүү зарыл экенин белгиледи.
“Туура бир жыл мурда ушул трибунадан чыгып сүйлөп жатып, өткөн жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу болгон кайгылуу окуялар тууралуу жүрөгүм сыздап, кабарлагам. Тынчтыкты сүйгөн элибиздин сабырдуулугунун жана эки өлкөнүн саясий эркинин аркасында биз чыр-чатактын андан ары ырбап кетишине жол бербей, аймактагы кандуу согушту токтото алдык. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан талаш маселелерди аймактык бүтүндүк, күч колдонбоо же күчтү колдонуу менен коркутпоо сыяктуу эл аралык укуктун принциптеринин жана ченемдеринин негизинде тынчтык жолу менен гана чечүүнү жактап келгенин баса белгилегим келет. Биз эч качан бөтөн жерди басып алууга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз. Биз ар дайым диалог курууга жана региондо ишеним менен өз ара урматтоого негизделген өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө умтулабыз”, – деди Жапаров.
Ал ошондой эле былтыр декабрь айында, дээрлик 30 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөө боюнча Келишимге кол коюлганын эске салды.
“Эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин аркасында жетишилген бул тарыхый чечим эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыгына жана тынчтыкта жанаша жашоосуна кеңири перспективаларды ачты. Биз башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө дал ушундай мамилени карманабыз. Биз бардык кошуналарыбыз менен тынчтыкта, ынтымакта жана достукта жашагыбыз келет”, – деди мамлекет башчысы.
Мындан тышкары, Садыр Жапров Борбордук Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук жөнүндө сөз кылып, аларды Афганистандагы кырдаалдын өңүтүндө кароо керектигин белгиледи.
“Афганистандын эли бул өлкөдөгү кырдаалга карата дүйнөлүк коомчулуктун макулдашылган позициясынын жоктугу менен олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын эл аралык коомчулукка эскертип коюш өтө маанилүү деп эсептейм. Эгерде мен Афганистанга жакынкы региондордун гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздугуна таасир эте турган гуманитардык кризис коркунучу бар деп айтсам, жаңылышпайм. Кыргызстан Афганистандын тынч, туруктуу жана бакубат жашоосуна кызыкдар. Биз эл аралык коомчулукту афган элине гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүүнү улантууга чакырабыз”, – деп билдирди мамлекет башчысы.