Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Садыр Жапаров: Казак менен кыргызды өзүбүздөн башка эч ким колдобойт

  • Интервью
  • 24.08.2023 10:16

Loading

Президент Садыр Жапаров 13-августта өткөн көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунда казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылып, Бишкекте күтүп жатканын айткан. Көп өтпөй талант ээсине аргымак тапшырылган.

Бирок бир нече күндөн кийин өзүн Казакстандын Айтышкерлер союзунун төрагасынын биринчи орун басары катары тааныштырган Аманжол Алтаев муну сындап чыккан. Буга байланыштуу “Кабар” маалымат агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, суроо узатты.

— Социалдык тармактар аркылуу өзүн Казакстандын Айтышкерлер союзунун төрагасынын биринчи орун басары катары тааныштырган Аманжол Алтаев кыргыз мамлекетинин башчысы тарабынан казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак тартууланышын сындап чыкты. Ал кыргыз элинен казак элинин өнөрүн, баркын кетирбөөнү өтүнүп, казак элинин акыны катары көчөдөн эле бирөөнү көрсөтпөөгө чакырган. Буга кандай жооп берет элеңиз?

Тема боюнча

Казакстан өзүнүн спутниктеринин бирин орбитадан чыгарууга даярданууда

Казакстан өзүнүн спутниктеринин бирин орбитадан чыгарууга даярданууда

24.11.2026

— Ооба, мен да соцтүйүндөрдөн бир боорубуз Аманжол Алтаевдин кайрылуусун окуп калдым. Албетте ыңгайсыз кайрылуу болду.

Биринчиден, “Элчи менен ырчыга өлүм жок” дейт. Элчилер элчилигин кылат.

Ырчылар, болгондо дагы төкмө акындар кай жерде болбосун ыңгайына жараша төгүп ырдай беришет. Сындап ырдашат, мактап ырдашат, бир нерсе сурап ырдашат. Андан кемчилик же саясат издөөнүн кереги жок.

Экинчиден, төкмө акын Биржан Калдыбаев кыргызга жээн болот экен. Мен казака жээнмин. Кайчылаш тайеке-жээн экенбиз.

Менин бешинчи атам Солтонкулдун аялы Нооча энем казак кызы болгон.

Үчүнчүдөн, кыргыз-казак сөз баккан элбиз. Эгер мен ошол учурда аргымак мингизбей койсом качандыр бир убакта мени сөзгө жыгып ырдап чыкмак. «Тайкем мени жөө узатты, тайекемдин бир аргымакчалык алы жокпу» деп. Эгер мен ал жерге катышпасам, ал акындын ырдаганын укпасам башка кеп эле.

Ошондуктан Аманжол мырзага айтаарым эч качан ыңгайсыз абалда калган жоксуз. Эч кандай саясат жок. Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым. Ал эми Биржан Калдыбаев кандай акын экенин чынында мен деле билбейм. Мурда таанычу да эмесмин. Аны көчөдөгү акын дептир. Азыр көчөдөгү акын болсо балким бара-бара казак кыргыз элине таанымал акын болуп чыгып калаар? «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет» дейт. Жаш бала экен. Колдоп турсаңар балким бара-бара таанымал акын болуп чыга келет. Казак менен кыргызды өзүбүздөн башка эч ким колдобойт. Бири-бирибизди колдоп турушубуз керек. Азыркы дүйнөлүк кырдаал курч болуп турат. Казак кыргыздын ортосуна чок салып жиберсек деп турган үчүнчү күчтөр дагы жок эмес. Андай адашуудан алыс болушубуз керек. Ортодогу ынтымакты бекем сактайлы. Ансыз деле аттын кашкасындай аз калкпыз.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: КазакстанКРнын президенти
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Токаев: TikTok адамдын мээсин өлтүрөт. Видео

Токаев: TikTok адамдын мээсин өлтүрөт. Видео

27.11.2026
Казакстан өзүнүн спутниктеринин бирин орбитадан чыгарууга даярданууда

Казакстан өзүнүн спутниктеринин бирин орбитадан чыгарууга даярданууда

24.11.2026
Казакстандыктар акбөкөндүн этин сатып алууга шашылбай жатышат – Айыл чарба министрлиги эмне дейт?

Казакстандыктар акбөкөндүн этин сатып алууга шашылбай жатышат – Айыл чарба министрлиги эмне дейт?

24.11.2026
Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда

Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда

19.11.2026
ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026
Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын алмаштырды

Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын алмаштырды

16.11.2026
Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026
«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

13.11.2026
Токаев бай казакстандыктар үчүн жогорулатылган салык киргизүүнү сунуштады

Токаев бай казакстандыктар үчүн жогорулатылган салык киргизүүнү сунуштады

29.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.