Eurasiatoday
Ишемби, 09-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпиондоруна 1 млн сомдон тапшырды

  • Башкы жаңылыктар, Спорт
  • 26.09.2023 17:58

Loading

Бүгүн, 26-сентябрда, президент Садыр Жапаров Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында медаль алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы алтын тагынган спортчулар Айсулу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго 1 миллион сомдон сыйлык тапшырды. Ал эми күмүш медаль алган Айпери Медет кызына – 750 миң сом, коло медалга ээ болгон Тайырбек Жумашбек уулуна — 500 миң сом берилди.

Тема боюнча:

Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

06.12.2023

Ошондой эле спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

1 of 25
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

12.

13.

14.

15.

16.

17.

18.

19.

20.

21.

22.

23.

24.

25.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын куттуктап, анда бардык кыргызстандык күйөрмандардын атынан Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бекем эркти көрсөтүп, сыноолордон намыскөйлүк менен ийгиликтүү өткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат”, – деп билдирди  Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстан 30дан ашуун мамлекеттин арасынан командалык зачетто 3-орунду ээлегенин канааттануу менен белгиледи.

“Өлкөнүн тарыхында мындай натыйжа биринчи жолу жетишилип, тарых баракчасы жаңыланды. Бул жетишкендик миллиондогон кыргызстандыктарды чексиз кубанычка бөлөп, демине-дем, күчүнө күч кошуп, өлкө үчүн, спортчулар үчүн сыймыктануу сезимдерине толтурду. 2024-жылы Парижде өтө турган 33-жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алгандарга үмүтүбүз да, ишеничибиз да чоң. Биз албетте, мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат, деп сөз беребиз”, – деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы бул жолку чемпионатта кыргыздын көк жал уулу Акжол Махмудовдун сабырдуулугу менен ишенимдүү ар бир аракетин, Жоламан Шаршенбековдун илбирстей ыкчамдыгын жана Жумашбек уулу Тайырбектин кынтыксыз кыймылын баардыгы көз ирмебей кылдаттык менен карап олтурганын айтты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыздын кыз-келиндер күрөшүнө ак жолтой болуп, албан-албан ийгиликтерди алып келген Айсулуу Тыныбекова жеңет, деп бардыгы алдын ала бекем ишенип турганына басым жасады. Анын Кыргызстандын капчыгына алтын медаль алып келээрине эч ким шек санаган эмес.

Ошондой эле ал жаракатына карабай, намыс деп аягына чейин күрөшүп, күмүш медалдын ээси болгон Айпери Медет кызынын өжөрлүгүн жана тайманбастыгын өзгөчө баалады.

“Силердин ийгилигиңердин, жеңишке жетүүңөрдүн артында 10, балким 20 жылдаган талбаган, үзгүлтүксүз эмгек жатат. Спорт менен машыгып жүргөн инсан катары мен сиздерди абдан жакшы түшүнөм. Спортчулардын жеңиштери талыбас эмгектен, туруктуулуктан, темирдей бекем эрктен, ошондой эле машыктыруучулардын чеберчилигинен башат алат. “Эр эмгегин жер жебейт” деген накыл кеп сыңары, сиздердин талбаган эмгегиңиздер текке кетпей, Ата Мекениңерди даңктап эле тим болбостон, миңдеген жаштардын жүрөгүн жалындатып, Кыргызстандын атын чыгарууга чоң түрткү берип жатасыздар.
Бул жолку ийгилигиңиздер биринчиси же акыркысы эмес. Августта эле Түркия мамлекетинде өткөн V Ислам оюндарында ушундай бийик көрсөткүчтөр менен баарыбызды кубанттыңыздар эле. Бул ирет дагы кыргыз спортунун күчүн Сербия өлкөсүндө тастыктап келдиңиздер. Кудай буюрса, сиздерди алдыда мындан да чоң жетишкендиктер күтүп жатат”, – деди президент.

Мамлекет башчысы өлкөнүн улуттук курама командасынын жалпы машыктыруучуларына талыкпас эмгекчилдиги, өзгөчө мекенчилдиги менен эл аралык деңгээлде даярдаган спортчулары өлкөгө жеңиш алып келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Айсулуу Тыныбековаалтынбалбандүйнө чемпионатыКыргызстанСербия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Өзбекстандык эки компания Ноокенде ири текстиль фабрикасын курат

Өзбекстандык эки компания Ноокенде ири текстиль фабрикасын курат

30.11.2023
Жаңы жылда кыргызстандыктар жети күн катары менен эс алышы мүмкүн

Жаңы жылда кыргызстандыктар жети күн катары менен эс алышы мүмкүн

30.11.2023
Палестинага жардам колун сунган Борбор Азия өлкөлөрү. Кыргызстан 5 тонна гумжардам жөнөтөт

Палестинага жардам колун сунган Борбор Азия өлкөлөрү. Кыргызстан 5 тонна гумжардам жөнөтөт

29.11.2023
Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду

29.11.2023
ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

ЖК комитети тууну өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду

28.11.2023
Кыргызстанда электрондук билериктер 2024-жылдан баштап колдонула башташы мүмкүн – ал кимдерге тагылат?

Кыргызстанда электрондук билериктер 2024-жылдан баштап колдонула башташы мүмкүн – ал кимдерге тагылат?

28.11.2023

Башкы жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

08.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023

Валюталар курсу

1
Сколько вам лет?

Экономика

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

09.12.2023
Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

08.12.2023
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.