Кыргызстан акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу чек араны жана жарандарды коргоо үчүн зарыл болгон заманбап куралдарды өзү сатып алды.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө биринчи кезекте мамлекетте орун алган көйгөйлөрдү чечүүгө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган көптөгөн тапшырмаларды бергенин белгилеп, бул багытта көп иштер жасалып, буга жалпы эл да күбө болгонун билдирди.
Ал алдыда жасай турган дагы көптөгөн иштер бар экенин кошумчалады.
Садыр Жапаров Кыргызстандын чек арасында жана Борбор Азиянын алыскы аймактарында жалпысынан биздин өлкөгө түз дагы, кыйыр түрдө дагы таасир эткен ар кандай процесстер жүрүп жатканын белгиледи.
«Дүйнө жүзүндө болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтардын маалында өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуубуз өтө маанилүү! Сиздер билгендей, мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга чоң күч жумшап, бир топ иштерди жүзөгө ашырып жатабыз», — деди Садыр Жапаров.
Ал акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу чек араны жана жарандарды коргоого зарыл болгон заманбап куралдарды Кыргызстан өзү сатып алганын белгиледи.
«Бул бир гана “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары эмес, башкалары да бар. Анын ичинде биз өнөктөш жана союздаштарыбыздан Борбор Азияда азырынча андай аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн «Airbus» маркасындагы 2 жаңы тик учак алдык. Коргоо министрлиги үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен 5 тик учак капиталдык ремонттоодон өтүп, андан тышкары жаңы “Ми-17 В5” тик учагы сатып алынып, кошумча дагы “Ми-17” маркасындагы тик учагын сатып алуу пландалган.
Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруунун алкагында аба чабуулунан коргонууну камсыз кылууга жардам бере турган “Печора” модернизацияланган мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды. Ушул сыяктуу жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Россия Федерациясы менен аба чабуулунан коргонуунун бириккен региондук системасын түздүк», — деп билдирди мамлекет башчысы.