Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган «ФРГ — Борбор Азия» саммитинин ишине катышат.
Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
«Мамлекет башчысы ошондой эле Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Борбор Азия лидерлеринин Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле «Германия экономикасынын Чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышуусу пландаштырылууда», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Штайнмаер Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Сапардын алкагында ал президент Садыр Жапаров менен жолугуп, анда тараптар өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан.