Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
“Кытай Эл Республикасынын Тибет автоном районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адам каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм.
Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун азабын бөлүшөбүз”, – деп айтылат телеграммада.
Кытайдын маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча, жер титирөөдөн кеминде 95 киши каза таап, 130у жаракат алды. Бир топ имараттар кыйроого учурады.
Кытайдын сейсмологиялык борбору магнитудасы 6,8ге жеткен зилзала 7-январда эртең менен Тибет автономдуу районунда, Непал менен чек арага жакын жерде болгонун билдирди.
Ал эми АКШнын Геологиялык кызматы Тибеттеги Шигадзе шаарынан 177 чакырым түштүк-батышта болгон жер титирөөнүн магнитудасы очогунда 7,1 жеткенин кабарлады. Жердин силкинүүсү Непал, Бутан жана Индияда сезилди.
Кытайдын сейсмологиялык борбору бул жолку жер титирөөнү акыркы беш жылдагы эң күчтүү зилзала деп баалады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) зилзаладан каза тапкандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин курмандыктардын санын азайтуу үчүн жер титирөөдөн кийин урандылардын алдында калгандарды издөө-куткаруу иштерин тездетип, бардык аракеттерди көрүү буйругун берди.

















