Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Астанага келет. Ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен жолугушары күтүлүүдө.
Муну Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифинг учурунда билдиргенин Риа Новости агенттиги жазды.
“Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-30-апрелде Астанага барып, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болот. Андан тышкары тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт”- деп билдирген Мария Захарова.
Анын айтымында, бул Казакстандын президенти тарабынан кабыл алынган. Жолугушууда эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү, анын ичинде алдыдагы жогорку деңгээлдеги байланыштарды чыңдоо маселелери каралат.
Сергей Лавров акыркы жолу Казакстанга 2025-жылдын 10-апрелинде, КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Алматыда өткөн жыйынына барса, андан мурун 2024-жылдын ноябрында Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарына даярдык көрүү максатында Астанада болгон.

















