Россия АКШнын Иранга сокку уруусун Вашингтон менен Тегерандын ортосунда кол коюлган меморандумду бузуу катары карайт, бул кризисти чечүүнүн жолун жабат, деп билдирди Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
«Биз АКШнын Иранга жасаган соккуларын меморандумдун бузулушу катары баалайбыз. Бул боюнча көп нерсе айтуунун деле кереги жок, анткени бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Себеби Ирандагы жарандык инфраструктура, ошондой эле Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жарандык объектилери жабыркап жатат. Эң негизгиси, бул аракет кризисти жөнгө салууга жардам бербейт, тескерисинче, аталган меморандум ачкандай болгон диалогдун эшигин кайра жаап салат», — деди Лавров журналисттерге.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иранга каршы согуш баштаган. Аба соккуларынын натыйжасында өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Кырк күнгө созулган куралдуу кагылышуулардан кийин июнь айында Вашингтон менен Тегеран бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда согуштук аракеттерди токтоосуз токтотууну караган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Андан кийин Швейцариянын Бюргеншток шаарында АКШ менен Ирандын ортосунда Доха жана Исламабаддын ортомчулугу астында меморандумду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр өткөн.
Катар менен Пакистандын диалогдун биринчи айлампасынан кийин жасаган биргелешкен билдирүүсүндө Иран менен АКШнын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушуу оң жана конструктивдүү маанайда өтүп, анын жүрүшүндө, мындан ары техникалык консультацияларды өткөрүү үчүн негиз түзүлгөнүн билдиршкен.
Бирок 8-июлда АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңы чыңалуу башталды. Америкалык күчтөр Ирандын объектилерине бир катар соккуларды урган. Вашингтон бул аракеттерине Иран Ормуз кысыгында коммерциялык кемелерге кол салды деген жүйө келтирген.
Буга жооп катары ирандык күчтөр Кувейт, Бахрейн жана Иорданиядагы америкалык базаларга сокку урган. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун аракеттерин жетишилген келишимдерди олуттуу түрдө бузуу катары мүнөздөгөн.
13-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтонду «Ормуз кысыгынын сактоочусу» деп жарыялап, мындан ары бул деңиз жолу аркылуу өтүү үчүн 20% өлчөмүндө төлөм алынарын билдирген.
Ошол эле күнү Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи Тегеран АКШ менен кол койгон меморандумдун шарттарын бир да жолу бузбаганын, ал эми аны аткарбоо үчүн бардык жоопкерчилик Вашингтондун мойнунда экенин билдирген.















