28-февралда Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали «BYD» (Кытай) компаниясынын аймактык – Борбор Азиядагы директору Иван Цаону кабыл алды.
Бул тууралуу Тажикстандын борбор калаасынын администрациясынын маалымат бөлүмү билдирди.
Жолугушууда Душанбе мэриясы менен «BYD» компаниясынын ортосундагы кызматташтыктын абалы жана келечеги талкууланды.
Сүйлөшүү учурунда Душанбеде машина куруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
Тараптар ошондой эле электр микроавтобустарын чогултуу, электр транспорт каражаттары үчүн аккумуляторду жана башка тетиктерди, салмагы 5 тоннага чейинки электр жүк ташуучу каражаттарын жана башка техникаларды импорттоо тармагында кызматташуу тууралуу пикирлерин айтышты.
BYD Co Ltd (Build Your Dreams – «өзүңдүн кыялыңды кур») – BYD Auto автомашинасын өндүрүүнү жана BYD Electronic аккумляторлор менен электр жабдыктарын чыгарган кытай конгломераты. Компаниянын ээси кытайлык миллиардер Ван Чуаньфу болуп саналат. Азыркы учурда BYDдин Шэньчжэн, Сиан, Шанхай жана Пекинде төрт өндүрүштүк базасы бар.
2023-жылдын төртүнчү кварталында BYD Teslaны электромобиль сатуунун көлөмү боюнча озуп өтүп, дүйнөдө биринчи орунга чыккан (BYDдин автомашина сатуусу 526 409 даанага жеткен, бул мезгилде Tesla 484 507 даана электромобиль саткан). BYDдин жалпы унаа сатуу көлөмү 2023-жылы 3,02 млн даанага жетип, жылдык эсептөөдө 62,3%га жогорулаган, анын ичинде электромобиль сатуунун көлөмү 1,57 млн даананы түзгөн. 2024-жылы январда BYD Өзбекстанда электромобиль чогултуучу ишкана ачкан.



















