Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирип, коңшу республикага КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын 56-пленардык жыйынына катышуу үчүн барарын кошумчалаганын Sputnik Тажикстан жазды.
16-17-ноябрда Бишкекте шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын иш-чаралары өтөт.
Сессиянын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт. Андан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, Социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот.
Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияларга катышат.
Бишкекке Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан делегациялардын келиши күтүлүүдө.



















