Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бишкектеги СИЗО-1ге барып, Кемпир-Абад маселеси боюнча камакка алынгандар менен жолугушту. Бул маалыматты кармалгандардын адвокаттардын бири тастыктаганын Kaktus.media сайты жарыялады.
Сайтта жазылгандай, кечээ, 29-августта кечинде КР экс-президенти, азыр БУУнун Башкы катчысынын Ооганстандагы атайын өкүлү болуп иштеп жаткан Роза Отунбаева Бишкектеги СИЗО-1ге келип, Кемпир-Абад окуясы боюнча камакка алынгандар менен жолугушуп чыккан.
Тема боюнча:
«Ал баары менен эмес, үчөө менен гана жолуккан. Алар: Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшебаев жана Бектур Асанов. Бирок алар эмне жөнүндө сүйлөшүшкөнүн билбейм», – деди жактоочу.
Бирок КР Жазаларды аткаруу кызматы кечээ, 29-августта, саат 17:00дөн 19:30га чейин Бишкектеги СИЗО-1ге бир дагы жогорку кызмат адамдары келбегенин жана эч ким эч ким менен жолукпаганын билдирүүдө.
«Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге кирип кеткен «Лексус-570» үлгүсүндөгү автоунаа КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине таандык, анын ичинде милиция кызматкерлери болгон, алар баңги затын аныктоо боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүшкөн», — деп билдирет мекемеден.
Басылма болжолдуу маалыматтарга таянып, Роза Отунбаева Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге саат 17:05те кирип, так 19:19да Жаза аткаруу кызматынын маалыматында айтылып жаткан кара түстөгү «Лексус-570» автоунаасы менен чыгып кеткенин жазат.
Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы СИЗО-1дин башчысы Элдияр Асанбаев келер алдында СИЗОдон чыгып, сыртта турган кызматкерлерге кимдир-бирөөнү күтүп жаткандай көрсөтмө берип, бир нече мүнөттөн кийин, Лексус-570 келип, дароо Бишкектин СИЗО-1 Жаза аткануу кызматаны кирип кеткен.
Ошондой эле басылма Роза Отунбаеванын тапшырмасы менен Бишкектеги СИЗО-1ге кечээ, 29-августта Кемпир-Абад окуясы боюнча камакка алынгандарга тамак-аш жеткирилгени да белгилүү болгонун жарыялады.