Кыргызстандын экс-президенти, учурда БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева Кабулда Талибан өкмөтүнүн саясий иштер боюнча вице-премьери Абдул Кабир менен жолугушту.
Бул жолугушууга Отунбаева делегациясынын коштоосунда келген. Маалым болгондой, БУУнун өкүлү Орозо айы менен куттуктап, БУУ Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта берерин кошумчалады.
Абдул Кабир Ооганстан эл аралык коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү кааларын жана бул үчүн бардык шарттарды аткарып жатканын белгиледи.
Эске салсак, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) жетекчиси болуп дайындалган. Отунбаева мурда бул кызматты аркалап келген Канадалык Дебора Лайонстун ордуна келген.
Миссиянын башчысы биринчи жолугушуусун 16-октябрда өткөргөн. Анда ал Талибандын ТИМ башчысы Амир-Хан Муттаки менен жолугуп, кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча сүйлөшкөн.