Дрон чабуулуна байланыштуу Краснодар, Ярославль жана Калуга аэропорттору учактардын учуп-конушуна убактылуу чектөө киргизгенден көп өтпөй Сочи, Нижний Новгород, Геленджик менен Тамбов аэропорттору да иштерин токтотту.
Бул тууралуу 6-октябрда Федералдык аба транспорту агенттигинин (Росавиация) басма сөз кызматынын билдирүүсүнө шилтеме берип Fontanka.ru басылмасы жазды.
Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин таңкы саат 6:00дө Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрү Москвага бараткан бир учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирген.
“Кырсык болгон жерде тез жардам кызматы иштеп жатат”,- деп жазат басылма.
Россиянын аскер департаментинин маалыматы боюнча, кечээ кечинде Белгород, Воронеж облустарынын жана Крымдын үстүндөгү аба мейкиндигинде 24 учкучсуз учак жок кылынган.
Буга чейин Сочи, Нижний Новгород жана Геленджик аэропортторуна убактылуу чектөө киргизилгендигин Росавиациянын өкүлү Артем Кореняко өзүнүн Telegram каналы аркылуу Москва убактысы боюнча 1:18де жарыялаган.
Эске сала кетсек, 2-октябрда Германиянын Мюнхен шаарындагы аэропорт асмандагы белгисиз дрондордон улам бардык учактардын конуу жана учуусун убактылуу токтоткон.
Сентябрь айында Даниянын аэропортторунун жана аскердик объектилеринин үстүнөн белгисиз дрондор учканы катталганын массалык маалымат каражаттары жазышып, Европанын айрым өлкөлөрү буга Россияны айыпташкан. Бирок муну орус бийлиги четке каккан.


















