Ал 13 жыл армиянын жашыруун сырларын көзөмөлдөгөн.
Сот Россия Коргоо министрлигинин башкы кадр кызматкери Юрий Кузнецовду камакка алуу чечимин чыгарды.
13-майда Россиянын Коргоо министрлигинин Башкы кадр башкармалыгынын (БКБ) начальниги Юрий Кузнецов камакка алынды. Бул тууралуу россиялык маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берип жазышты.
ТАСС агенттигинин маектеши генерал-лейтенант кылмыш жасагандыгы үчүн шек саналып жаткандыгын билдирди. Ишти тергөө амалдарын РФнын Тергөө комитетинин Башкы аскер-тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.
«Орус жазынын аскер кабарчылары» Telegram-каналы өз булактарына шилтеме берүү менен Кузнецов кармалып, СИЗОго камалгандыгын тастыктады.
Мурда 235-гарнизондук аскер сотунун картотекасында Кузнецов Юрий Васильевичтин иши боюнча жазуу пайда болгон, бул Коргоо министрлигинин БКБнын жетекчисинин ысымы менен толук дал келет. Жазууда 13-майда Кузнецовго баш коргоо чарасын камакка алуу чарасын колдонуу боюнча чара көрүлгөндүгү айтылган. Ошондой эле генерал-лейтенант ошол күнү жумушта болбогондугу аныкталды.
Кузнецов азыркы кызматына 2023-жылы майда дайындалган. Ага чейин ал 13 жыл боюу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын мамлекеттик сырды коргоого жооп берген 8-башкармалыгын 13 жыл жетектеген. «Рыбарь» Telegram-каналынын маалыматы боюнча, анын дал ушул мезгилдеги ишине тергөөчүлөрдүн суроосу жаралышы мүмкүн.
Коргоо министринин орун басары ири суммадагы пара иши боюнча камакка алынды
23-апрелде иш үстүндө Россия Коргоо министринин орун басары Тимур Иванов кармалган. Ага РФнын ККнын 290-беренеси («Ири суммадагы пара алгандыгы») боюнча айып коюлган. Бирок генерал күнөөсүн моюнга алган эмес.
1 миллиард 185 миллион
тергөөнүн божомолу боюнча Тимур Иванов ушунча суммада пара чогултушу мүмкүн
Тергөөнүн маалыматы боюнча, министрдин орун басары аскер ведомствосунун объектилеринде иштешүүнү каалаган подряддык жана субподряддык мекемелердин жетекчилери менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, анын ордуна алардан жеке өзүнө сый акы алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзгөн. Иштин бир эпизоду Улуттук коргонуу башкармалыгынын борборун (УКББ) куруудагы парага тиешелүү. Иш жүзүндө бул борбор россиялык Куралдуу күчтөрдүн «мээсинин борбору» болуп саналат.
Коргоочулары министрдин орун басарын үй камагына коё берүүнү же Москванын борборундагы Жогорку соттун маңдайында жайгашкан квартирага, Рублевкадагы үйгө чыгарууну суранган. Көп өтпөй Ивановдун жакындары менен ата-энесинин мүлкү камакка алынган. Актоочунун айтуусу боюнча, ал тургай ата-энесинин он миң рублдан акчасы болгон банк эсеби да камакка түшкөн.
Белгилей кетүүчү жагдай, Россиянын бешинчи ирет кайрадан шайланган президенти Владимир Путин инаугурациясын өткөргөндөн кийин РФнын министрлер кабинети толугу менен отставкага кетип, жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу кошулган эмес. Ал Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп дайындалган.















