Россиянын президенттик шайлоосундагы протоколдун 99,01 пайызы иштелип чыкты.
Анын жыйынтыгы боюнча талапкер жана РФ учурдагы президенти Владимир Путин 87,33% добуш менен алдыда келе жатат, Мамлекеттик Думанын Ыраакы Чыгышты жана Арктиканы өнүктүрүү боюнча комитетинин башчысы Николай Харитонов 4,30%, ЛДПР төрагасы Леонид Слуцкий 3,20% жана Мамлекеттик Думанын төрага орун басары Владислав Даванков 3,81% добуш алды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтар БШКнын маалымат борборунда жарыяланганын РИА Новости жазды.

Федерация Кеңеши президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгилеген. Добуш берүү үч күн: 15, 16 жана 17-мартта өттү.
Күн мурун, 17-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Николай Булаев Россиядагы президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын – 74,22%ы, алыстан электрондук добуш берүүгө – 94%ы катышканын билдирген.
Путиндин шайлоодогу жеңиши менен алгачкылардан болуп Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттукташты.


















