Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Россияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды

  • Россия, ТОП жаңылыктар
  • 15.03.2024 11:55

Loading

Бүгүн, 15-марта Россияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды. РИА Новости маалымдагандай, ал үч күнгө созулуп, негизги добуш берүү күнү 17-мартта болот. Россиянын президенттигине төрт талапкер аттанган: Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков. 

Шайлоочулар жана участкалар 
Өлкө боюнча шайлоо участкалары салттуу түрдө добуш берүүнүн биринчи күнү, 15-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылып, 20:00гө чейин ачык болот. Бирок Камчатка менен Чукоткада 14-мартта Москва убактысы боюнча саат 23.00дө, ал эми Москва убактысы боюнча так түн жарымында Сахалин жана Магадан облустарында шайлоо тилкелери ачылды.

Тема боюнча

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026

Добуш берүү күндөрү Россия боюнча 94 миңден ашуун шайлоо участкалары эшигин ачат.

Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-январына карата Россияда шайлоочулардын саны 112 миллион 309 миң 947 адамды түздү. Өлкөнүн чегинен тышкары (РФ Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча) шайлоо укугу бар жарандардын саны 1 890 863 адамды, Байконур шаарында 11 924 адамды түздү.

Чет өлкөдө жашаган же жүргөн россиялыктардын президенттик шайлоодо добуш берүүсү үчүн 144 өлкөдө 295 шайлоо участогу түзүлгөн.

Мындан тышкары, Россияда шайлоо баштала электе эле ошондой эле чет өлкөлөрдө президенттик шайлоо үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өткөрүлгөн. Алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле добуш берүү күндөрү суу үстүндө боло турган кемелерде добуш берүү 25-февралда башталып, 14-мартта аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бейшемби күнү түштөн кийин жарыяланган маалыматы боюнча, мөөнөтүнөн мурда 2 миллион 300 миңден ашуун шайлоочу добуш берген. Добуш берүү бардыгы болуп Россия Федерациясынын 42 субъектисинде, анын ичинде жаңы аймактарда өттү.

1-марттан тарта чет элдик шайлоо участкаларында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталган. Ал 45 өлкөдө 67 шайлоо участкасында өттү.

Байкоочулар жана журналисттер

Быйыл эл аралык курч кырдаалдан улам Европадагы коопсуздук жана кызматташык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары Россиядагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышпайт. Бирок шайлоо эл аралык көзөмөлсүз калбайт. Шайлоодо КМШ жана ШКУнун байкоочулар миссиясы иштейт. Ошондой эле БШКнын маалыматы боюнча, президенттик шайлоодо 106 өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык байкоочу катары аккредитация алышкан.

Мындан тышкары, Россия Федерациясынын президентин шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшүнө жана анын жыйынтыгын чыгарууга коомдук көзөмөл россиялык байкоочулар тарабынан ишке ашырылат.

Шайлоону дээрлик 13 миң журналист чагылдырат. Добуш берүүнүн купуялуулугу бузулбаган шартта видеого жана сүрөткө тартууга, жада калса шайлоочулар каршы болбосо үйдө добуш берүүгө катышууга укугу бар. Россия Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-18-март аралыгында иштей турган маалымат борборунда добуш берүүнүн жүрүшүнө дээрлик 1,5 миң журналист көз салат. 90 ЖМКнын өкүлдөрү аккредитациядан өтсө, анын 40ы чет элдик.

Кыргызстанда 17-мартта Россиянын президентин шайлоо үчүн төрт участок ачыларын буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчиси маалымдаган.

Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дөн 20.00гө чейин иштейт. Бишкекте – Россиянын элчилигинде (Манас проспекти, 55), Ош шаарында – Башкы консулдукта (Бобулов көчөсү, 77), Кантта – №20022 аскер бөлүгүнүн маданият үйүндө (Полевая көчөсү, 10А/1) жана Каракол шаарында – №87366 аскер бөлүгүнүн клубунда (Кой-Сары).

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: добуш берүүпрезиденттик шайлооРоссия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
Чексиз космос: Россия башка өлкөлөрдү жаңы орбиталык станцияны түзүүгө катышууга чакырды

Чексиз космос: Россия башка өлкөлөрдү жаңы орбиталык станцияны түзүүгө катышууга чакырды

14.11.2026
Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

13.11.2026
Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

13.11.2026
 Лула да Силва Бразилиянын президенти болуп төртүнчү жолу шайланды

 Лула да Силва Бразилиянын президенти болуп төртүнчү жолу шайланды

26.10.2026
Ирандын элчиси Пезешкиандын Орусияга боло турган сапарынын программасы тууралуу кеңири айтып берди

Ирандын элчиси Пезешкиандын Орусияга боло турган сапарынын программасы тууралуу кеңири айтып берди

26.10.2026
ЖККУнун башкы катчысы Ирандын элчиси менен жолугушту: тараптар эмнелерди талкуулашты?

ЖККУнун башкы катчысы Ирандын элчиси менен жолугушту: тараптар эмнелерди талкуулашты?

23.10.2026
Россиянын 53 аймагында бензиндин баасы төмөндөдү

Россиянын 53 аймагында бензиндин баасы төмөндөдү

22.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
212 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.