Россиядагы мектептер мигранттардын балдарынын 87%ын кабыл албай койду — негизинен орус тили тестин тапшыруу үчүн керектүү документтердин жоктугунан. Бул тууралуу Рособрнадзор билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, апрелден августка чейин 23 616 чет өлкөлүк жашы жете электердин ата-энелери окууга арыз беришкен. Бирок толук документтер топтому болгону 8223 балага берилген. Натыйжада тестирлөөгө 5940 бала катышып, алардын ичинен 2964ү (арыз бергендердин 12,6%ы) ийгиликтүү тапшырган.
Чет өлкөлүк балдарды мектепке кабыл алуу үчүн орус тили боюнча милдеттүү экзамен 2025-жылдын 1-апрелинен баштап киргизилген. Ийгиликтүү өтүш үчүн суроолордун 90%ына туура жооп берүү зарыл. Рособрнадзордун маалыматына ылайык, тесттер ар бир класстын билим деңгээлине жараша түзүлөт: биринчи класстын окуучуларынан оозеки сөздү түшүнүү жана негизги лексика-грамматикалык көндүмдөр текшерилет, экинчи класстан баштап окуу жана жазуу тапшырмалары кошулат. Тестирлөөнүн максаты — баланын орус тилинде билим алууга жөндөмүн баалоо.
Ошондой эле чет өлкөлүктөр балдарын орус мектептерине бериши үчүн бир катар документтерди тапшырышы керек. Балага окууга уруксат берүү үчүн ата-эненин туугандыгын же анын кызыкчылыгын коргоо укугун ырастаган документ болушу зарыл. Мындан тышкары, үй-бүлөнүн Россияда мыйзамдуу жашап жатканын тастыктаган документтер, баланын жугуштуу оорулары жок экенин көрсөткөн медициналык справка жана ата-эненин паспорттору талап кылынат. Бардык документтер орус тилинде же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен болушу керек. Эгер документтер толук болбосо, мектептер арызды кароого албай кайтарып беришет.
Август айында Мамдуманын кароосуна чет өлкөлүктөр үчүн орус мектептеринде коммерциялык негизде окууну киргизүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталган. Ошондой эле депутаттар орус тили боюнча тесттен акысыз өтүү аракеттеринин санын чектөөнү сунуш кылышкан. Түшүндүрмө катта бул мыйзам «мектептерде 900 миң орун жетишсиздиги» маселесин чечүүгө жардам берет деп белгиленет. Авторлордун айтымында, Россияда жашаган 638 миңден ашык мигрант балдардын ичинен болгону 181 миңдейи гана мектепке барып окуйт.



















