Россиянын өкмөтү үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинен 31-июлга чейин бензин экспорттоого толук тыюу салды. Эми бензинди чет өлкөгө алып чыгууга трейдерлерге (кайра сатуучуларга) да, өндүрүүчүлөргө — мунай иштетүүчү заводдорго (МИЗ) да уруксат жок. Дизелдик отунду (ДО) экспорттоого тыюу азырынча трейдерлер үчүн гана күчүндө калууда.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бул чечим ички рынокту күйүүчү май менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды стабилдештирүү максатында кабыл алынган. Учурда ички рынокто бензин, дизель жана керосин сыяктуу жеңил мунай продуктылары жетиштүү, аймактарды камсыздоодо үзгүлтүк жок. Тармак сезондук суроо-талап өсө турган мезгилге толук даяр экени белгиленет.
Буга чейин бензин экспорттоого толук тыюу 2025-жылдын 31-августунан тартып, бир нече жолу узартылып, ушул жылдын 1-февралына чейин күчүндө болгон. 1-февралдан кийин МИЗларга кайрадан бензин экспорттоого уруксат берилген.
Экспортко тыюу бензиндин биржадагы баалары өсүп, чекене баалар кымбаттай баштагандыктан киргизилген. Бул өсүш Жакынкы Чыгыштагы кризиске байланыштуу болгон. АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынан жана Ормуз кысыгынын жабылышынан кийин дүйнөлүк мунай жана мунай продуктыларынын баасы кескин жогорулаган. Россия дүйнөдөгү ири экспорттоочулардын бири болгондуктан, тышкы рыноктогу баалар ички рынокко да таасир этет. Мындан тышкары, жазында айыл чарба иштерине байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талап өсөт.
Февралдын аягынан тартып биржадагы бензин баасы 16%га, дизелдики 22%га чейин өскөн. Азыр болсо бир аз төмөндөдү, бул экспортко тыюу киргизилери тууралуу кабарлар менен байланыштуу болушу мүмкүн. Росстаттын маалыматы боюнча, акыркы үч жумада чекене бензин баасы орто эсеп менен 1%га өскөн. Жыл башынан бери өсүш 3% түзүп, инфляциядан (2,95%) бир аз жогору болгон.
Эксперттердин айтымында, өкмөттүн чаралары биржадагы бааларды төмөндөтүүгө жардам берет жана бул процесс буга чейин эле башталган. Бирок чекене бааларда өсүш токтошу же жайлашы мүмкүн болгону менен, олуттуу арзандоо күтүлбөйт. Баалар негизинен инфляциянын деңгээлинде өзгөрөт.
Экспортко тыюу өндүрүүчүлөрдү тандоосуз калтырат: мурда алар товарын кымбатыраак тышкы рынокко же арзаныраак ички рынокко сатса, эми бардык көлөмдөр өлкө ичинде калат. Бул сунуштун суроо-талаптан ашып кетишине алып келет. Натыйжада өндүрүүчүлөр бааларды төмөндөтүүгө аргасыз болушат, бирок бул убактылуу көрүнүш.
Мамлекеттик Думанын энергетика комитетинин төрага орун басары Юрий Станкевич белгилегендей, экспортко тыюу — бул ыкчам чара, ал рынокту убактылуу турукташтыра алат, бирок системалык көйгөйлөрдү чечпейт. Керектөөчүлөр үчүн бул баалардын өсүшүндө тыныгуу гана болот, бирок олуттуу арзандоо болбойт.
NEFT Research компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Сергей Фроловдун айтымында, МИЗларда күтүүсүз токтоп калуулар мүмкүнчүлүгү, бензин өндүрүшүндө чоң запастын жоктугу жана сезондук суроо-талаптын өсүшү шартында экспортко тыюу баалардын өсүшүн болгону жайлатат. Баалардын олуттуу төмөндөшүнө үмүт артпоо керек.


















