Тынч океан флотунун согуштук кемелери жана Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын Аскер-деңиз күчтөрү «Океан-2024» машыгуусунун алкагында Япон деңизинде ракеталык жана артиллериялык атууларды жүргүзүштү.
Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги маалымдады.
“Япон деңизинде Россиянын Аскер-деңиз флотунун Тынч океан флотунун жана Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын Аскер-деңиз күчтөрүнүн согуштук кемелери «Океан-2024» машыгуусунун алкагында биргелешкен отряддын курамында ракеталык курал жана артиллерия менен комплекстүү тапшырмаларды аткарышты”, – деп айтылат маалыматта.
Машыгуунун бул эпизодуна россиялык тараптан 15тен ашык аскер кемелери катышты.
Деңиз күчтөрүнүн аракеттерине Тынч океан флотунун деңиз авиациясынын жана Россиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн 10дон ашык учактары жана тик учактары колдоо көрсөтүштү.
Кытай тараптан «Синин» жана «Уси» эсминецтери, ошондой эле «Линь И» фрегаты катышты.
Белгиленгендей, машыгуунун жүрүшүндө аскер күчтөрү душмандын экипажсыз кетерлеринин жана FPV- дрондорунун кол салуу коркунучун жок кылды. Ал үчүн “Ка-29” аба-десанттык тик учактары, «Грачонок» тибиндеги диверсияга каршы катерлер тартылган.
Деңиздеги россиялык жана кытайлык кемелердин экипаждарынын аракеттерин “Маршал Шапошников” фрегатынан 10 өлкөнүн 24 өкүлү байкоо жүргүздү.
Орусиянын Аскер-деңиз флотунун түзүмдөрү жана бирикмелери шейшемби күнү 16-сентябрга чейин созула турган “Океан-2024” стратегиялык командалык-штабдык машыгууларын өткөрө баштады. Машыгуулар эки тараптуу форматта Аскер-деңиз флотунун башкы командачысы адмирал Александр Моисеевдин жалпы жетекчилиги астында өтүүдө.
“Океан-2024” машыгуулары 10-сентябрда башталып, 16-сентябрда аяктайт.
Тынч жана Түндүк муз океандарынын, Жер Ортолук, Каспий жана Балтика деңиздеринин сууларында маневрлерге 400дөн ашык аскердик кемелер, суу астындагы кайыктар, Аскер-деңиз жана Аэрокосмос күчтөрүнүн деңиз авиациясынын 120дан ашык учактары жана тик учактары, 7 миңге жакын бирдик курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, ошондой эле 90 миңден ашык персонал тартылган.
«Океан» — СССРдин Аскер-деңиз флотунун башкы командачылыгы астында 1970, 1975, 1977, 1983 жана 1985-жылдары өткөргөн деңиз машыгууларынын коддук аталышы. “Океан” машыгуулар (маневрлер) согуштан кийинки мезгилде СССРдин Аскер-Дениз Флоту учун оперативдик жана күжүрмөн даярдык боюнча эң ири иш-чара жана дүйнөлүк тарыхтагы өз мезгилиндеги эң масштабдуу иш-чара болуп эсептелген.


















