Португалиялык футболчу Криштиану Роналду журналист Пирс Морган менен болгон маегинде өзүн АКШнын президенти Дональд Трамптан да популярдуу экенин билдирди.
«Мен Трамптан белгилүүрөкмүн, мен дүйнөдөгү эң атактуу адаммын. Менден да белгилүү ким бар экенин айтып көргүлө», — деди 40 жаштагы футболчу.
Өткөн сезондо Роналду бардык турнирлерде «Аль-Наср» клубунун курамында 41 оюн өткөрүп, 35 гол жана 4 голдук пас менен айырмаланды.
Учурда Сауд Аравиясынын чемпионатында анын клубу — «Аль-Наср» — 7 оюнда 21 упай топтоп, турнирдик таблицанын биринчи тепкичин ээлеп турат. Экинчи орунда «Аль-Таавун» 18 упай менен жайгашкан.
Роналду үй-бүлөсү менен Сауд Аравиясына көчүп келген. Ал 2023-жылдын январь айынан тартып «Аль-Наср» командасынын чабуулчусу болуп саналат. Өлкөдө никесиз эркек менен аялдын бир үйдө жашоосуна тыюу салынганына карабастан, легендарлуу футболчуга өзгөчө уруксат берилген — ал балдарынын апасы менен бирге жашайт.
Буга чейин Роналду Трамп дүйнөнү өзгөртө алат деп билдирген болчу.



















