Vatican News маалымдагандай, шаршемби күнү Рим Папасы Лев XIV менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, өзгөчө көңүлдү Украинадагы согушка бурушкан.
Ыйык такттын басма сөз кызматынын директору Маттео Брунинин айтымында, Рим Папасы менен Россия президенти гуманитардык кырдаалды жана зарыл учурда жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.
«Рим Папасы Россияны тынчтыкка өбөлгө боло турган кадам жасоого чакырып, тараптардын ортосундагы оң мамилелерди орнотуу жана жаңжалга чечим табуу үчүн диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө.
Папа Лев XIV менен президент Путин туткундарды алмашуу боюнча аракеттер жана бул багытта Болонья шаарынын архиепискобу, кардинал Маттео Мария Цуппинин жүргүзүп жаткан ишинин баалуулугу тууралуу да сүйлөштү.
Маттео Бруни белгилегендей, «Папа Лев Патриарх Кириллди да эскерип, өзүнүн понтификаты башталганда жолдонгон куттуктоосу үчүн ага ыраазычылык билдирип, жалпы христиандык баалуулуктар тынчтыкты издөөгө, адам өмүрүн коргоого жана чыныгы диний эркиндикке жетүүгө жардам берчү жарык боло аларын баса белгиледи».
















